Бириккен Араб Эмираттарынын Masdar компаниясы 2023-жылы апрелде өлкөнүн Навои областында кубаттуулугу 500 мегаватты түзгөн шамал электр станциясынын алгачкы кубаттуулугун ишке берет. Бул энергетикалык объект мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүнүн жемиши болуп калат. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлигине шилтеме берүү менен Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Адистердин айтымында, бул объекттин курулушу жана андан ары пайдаланылышы Өзбекстанга 600 миллион доллар көлөмүндө тике инвестицияларды алып келет. Ал деген 1300 жумушчу орундарын түзүү деген кеп. Ошол эле кезде өлкөнүн энергетикалык тармагында диверсификациялоо, жылына 1,8 гигаватт/саат арзан энергия өндүрүү менен энергетикалык балансты бекемдөө иши жүрөт. Бул 500 миң кожолукту электр менен камсыз кылууга барабар. Эң башкысы, кайталап өндүрүлүүчү энергия булагын пайдалануу технологияларын өздөштүрүү башка булактардан алынган электр энергиясын жана жаратылышын газын башка зарыл керектөөлөргө жумшоого шарт түзүп, абага көмүр кычкыл газын чыгарууну жылына 1,1 миллион тоннага азайтат.
Курулуш иштери быйылкы жылдын аягына чейин башталмакчы. Биринчи 250 мегаватт кубаттуулукту ишке берүү 2023-жылдын апрелинде ишке ашырылат, толук кубатуулукту ишке берүү 2024-жылдын аягына чейин аяктамакчы. Бул үчүн өткөн жылдын сентябрь айында Тамдын районунда Masdar компаниясы тарабынан шамалдын потенциялын аныктоо максатында төрт метерологиялык мамылар орнотулган. Ал иликтөөнүн жыйынтыгы насыя институттары менен түзүлүүчү келишим үчүн техникалык-экономикалык негиздемени аяктоого пайдаланылат.
Эскерте кетсек, Masdar компаниясы Абу-Дабидеги өкмөттүк Mubadala Investment Company инвестициялык холдингинин тутумундагы субъект болуп саналат. Ал кайталап өндүрүлүүчү энергия булактарын өнүктүрүү жагынан дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири эсептелет. Бул компания жалпысынан 4000 мегаватттык кубаттуулуктагы кайталап өндүрүлүүчү энергетикалык объекттерин куруп келген.