Өзбекстанда ипотеканын шарттары дагы бир жолу өзгөрүп, рынок шартында калкты турак жай менен камсыз кылуунун аракети болуп жатат. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агентиги жазып чыкты.
Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, 2020-жылдын 1-майынан 2022-жылдын 1-январына чейин жеке тараптарга жеке менчик компаниялар тарабынан жаңы курулган үйлөрдөн ички жасалгалары (отделка) бүтө электе эле батир сатып алуу үчүн ипотека насыяларын алуу уруксаты берилди. Ошондой эле бийликтер жеке адамдарга жаңы курулган үйлөрдөн (баштапкы рынок) батир сатып алуу үчүн берилүүчү ипотекалык насыялардын максималдуу өлчөмүн аныкташты.
Мисалы, айыл жериндеги эки бөлмөлүү батирге 174 миллион сумдан ($17 миң 195,4) 240 миллион сумга ($23 миң 717,7) чейин, үч же андан көп бөлмөлүү батирге 224 миллион сумдан ($22 миң 136,6) 320 миллион сумга ($31 миң 623,7) чейин берилет. Ал эми шаарларда эки бөлмөлүү батирге 180 миллион сумдан ($17 миң 788,3) 240 миллион сумга ($23 миң 717,7) чейин, үч же андан көп бөлмөлүү батирге 232 миллион сумдан ($22 миң 927,2) 320 миллион сумга ($31 миң 623,7) чейин берилмек болду. Ал эми баш калаа – Ташкентте эки бөлмөлүү батирге 198 миллион сумдан ($19 миң 567,1) 264 миллион сумга ($26 миң 89,5) чейин, ал эми үч же андан көп бөлмөлүү батирге 255 миллион сумдан ($25 миң 200,1) 352 миллион сумга ($34 миң 786) чейин берилет (1-майга карата валюта курсу менен).
Эң маанилүү жери – ипотека насыялары калкка 15тен 20 жылга чейинки мөөнөткө берилмекчи. Коммерциялык банктарга бир айдын ичинде жеке жактарга берилүүчү ипотека насыяларын 15-20 жылдык мөөнөткө узартуу жана тийиштүү келишимдерди кайра түзүп чыгуу тапшырылды.