Өзбекстанда быйылкы март айында газ өндүрүү көлөмү мурдагы айга салыштырмалуу 9,7 пайызга, ал эми өткөн 2019-жылдын март айына салыштырмалуу 24,9 пайызга төмөндөп, өксүк 3 миллиард 944,7 миллион кубометрди түзгөн. Бул 2018-жылдан берки эң төмөнкү рекорддук көрсөткүч болгонун NUZ.UZ сайты өлкөнүн Мамстакомуна шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Быйылкы жылдын февралында Өзбекстанда газ өндүрүү мурдагы айга салыштырмалуу 8,2 пайызга жана 2019-жылдын февраль айына салыштырмалуу 9,2 пайызга төмөндөп кеткени белгилүү болгон. Жалпы өндүрүү көлөмү 4 миллиард 369,8 миллион кубометрден 4 миллиард 758,8 миллион кубометрге чейин азайган.
Ошентип, быйылкы биринчи чейректе жалпысынан газ өндүрүү 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,8 пайызга же 13 миллиард 73,3 миллион кубометрге чейин азайды. Өткөн жылы биринчи кварталда газ өндүрүү 4,1 пайызга өскөн болчу.
Өзбектанда газ өндүрүү иши “Узбекнефтегаз” акционердик коомунун ишканалары, Россиянын “Лукойл” жана “Газпром”, Кытайдын CNPC, Американын Epsilon Development Company, Гонконгдун Epsilon Asia Limited сыяктуу компаниялары менен түзүлгөн биргелешкен ишканалар аркылуу өндүрүлөт.
Өзбекстандагы аныкталган газдын көлөмү 1,1 триллион кубометрди, жалпы кору 5 триллион кубометрди түзөт. Азыркы кезде Өзбекстандын нефтегаз тармактык өндүрүш кубаттуулугу жылына 70 миллиард кубометр газ өндүрүүгө жетерлик.
Мурда Өзбекстандагы газ өндүрүүнүн көлөмү 2019-жылдын жыйынтыгы менен 1,6 пайызга же 59 миллиард 460 миллион кубометрге, газ экспорту 9,4 пайызга же 13 миллиард 470,3 миллион кубометрге, нарк эсебинде 6,9 пайызга же 2 миллиард 257,5 миллион долларга азайганы кабарланган.