Быйыл Өзбекстан Республикасынын бийликтери 370 миңден ашуун жумуш орундарын түзүүгө ниеттенип жатышат. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматтарына таянуу менен Podrobno.uz сайты билдирди.
Бул параметрлер өлкө президентинин «2019-жылы калкты жумуш менен камсыз кылуу жанажумуш орундарын түзүү боюнча мамлекеттик буюртма жөнүндө» токтому менен бекитилген болчу. Бул документте кошумча дагы 182 миң киши сезондуу жана убактылуу жумуштар менен алек болору айтылган.
Андан тышкары, мамлекеттик буюртма аркылуу дагы 64 миң бош жумуш орундары, ал эми социалдык жардамга муктаж жана жумуш издеп табууда кыйналган калк катмары үчүн 46 миң жумуш орундары түзүлмөкчү.
Бул документке ылайык, өлкөдө жумушсуздуктун өсүп кетүүсүн токтотуу, айрыкча аймактарда, атап айтканда, Анжиян, Жизак, Самарканд, Сыр-Дарыя, Бухара, Навои, Хорезм, Фергана областтарында жумушсуздукту азайтуу жагы көздө тутулган.
Бийликтер бул максаттарда жумуш орундарын камсыз кылып, калкка жардам көрсөткөн жумуш берүүчүлөргө, ишкердик менен алектенүүнү каалаганда жарандарга, социалдык жактан жардамга муктаж жарандарды жумуш менен камсыз кылган ишканаларга субсидия берүү кепилдигин алышты.