Өзбекстандын саясий лидери Шавкат Мирзиёев бара-бара өлкөдөгү бардык район акимдери эл тарабынан шайланарын жана бул сөзсүз ишке ашырыла турганын быйылкы сентябрь айында жарыя айткан эле. Азыркы кезде болсо, акимдерди эл өкүлдөрү – депутаттар шайлап жатышат. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агентиги жазып чыкты.
Алынган маалымат боюнча, Өзбекстанда быйылкы 1-майдан баштап, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшүн баалоодо рейтингдик система киргизилген. Анализдин жыйынтыгы менен ишкердиктин канчалык өнүккөнүнө карап район-шараларга “жакшы”, “орто” жана “канаатандырарлык эмес” деген баа берилет. Азырга чейин 48 район-шаар “жакшы”, 119у “орто”, ал эми 33ү “канааттандырарлык эмес” деген баа алышкан. Эми “канааттандырарлык эмес” жана “орто” деген баа алган аймактарда анткризистик башкаруу системасы киргизилет.
Азыркы кезде район-шаарды башкарып иштегиси келгендер айылдык-шаардык кеңештерге район-шаарды өнүктүрүү үчүн өздөрү түзгөн программаларын сунуш кылышат. Кеңештерде өз программаларын коргой алышкан талапкерлер аким катары шайланып, өз командасын түзүшөт.