Ташкенттеги Инха университетинин студенттери таажылуу вирустун симптомдорун аныктай ала турган медициналык “акылдуу” беткапты ойлоп табышты. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Атайын өлчөгүч жабдыктардын жардамы менен бул беткап дене табын ченеп, жөтөлгө, кыйналып дем алууга реакция жасайт, кала берсе бардык маалыматтарды смартфонго жөнөтүп турат.
Студенттердин айтымында, беткап көп жолу колдонууга жарайт жана дене табына, жөтөлгө, кыйналып дем алууга реакция жасоочу үч прибор менен камсыз кылынган. Беткап ошондой эле мобилдик тиркеме аркылуу чөнктөк телефону менен туташтырылган. Беткапта орнотулган сенсорлор кабыл алынган маалыматтарды дароо эле сартфонго жөнөтөт да, тиркеме ал маалыматтардын COVID-19 симптомдору менен салыштырат. Эгер дал келүүчүлүк болсо, дароо кабар берет.
-Коркунучтуу таажылуу вирустун өзүнө тиешелүү симптомдору бар, алар башка вирустук инфекциялардын симптомдорунан айырмаланышат. Беткап атайын приборлору менен ал симптомдорду жеңил эле кармай алат. Мисалы, кишинин дене табы 38,5 градус болсо, жөтөлсө же кыйналып дем алса, тиркеме дароо COVID-19 симптомдору барлыгын кабарлайт. Мындан ары биз бул тиркемени медициналык мекемелерге тартууламакчыбыз, — дейт бул долбоордун авторлорунун бири Азиза Абдурахманова.
Студенттердин билдиришинче, бул долбоор азырынча кошумча иштелип жатат жана тестирлөөдөн өтүүдө. Алар өздөрүнүн табылгасы коом үчүн кызмат кылып, тийиштүү тармактардын жана инвесторлордун кызыгуусун жаратышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, Инха университети Өзбекстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы өз ара кызматташтык алкагында 2014-жылы Ташкентте ачылган. Анда инженердик илимдер, IT, менеджмент, логистика жана Корея таануу багытында окутулат.