Өзбекстан эми медицина тармагын үчүн маанилүү рентген-аппараттарын чет жактан кымбат баага сатып албайт, өзү чыгарган ушундай жабдуулардан пайдаланат. Өлкөдө биринчи жолу ушундай жогорку технологиялык медициналык жабдуулар чыгарыла баштады. Бул тууралуу «Uzbekistan 24» телеканалына шилтеме берүү менен Podrobno.uz сайты жазып чыкты.
Мындай рентген-аппараттарын чыгаруу өндүрүшү Ферганада башталып, Түштүк Корея инвесторлорунун жардамы менен ишке ашырылды. Бул багыттагы алынган инвестициянын көлөмү 5 миллион долларды түздү. Өзбекстандын медицина тармагынын өкүлдөрү бул көрүнүштү оң баалашып, рентген-аппараттарынын ар кайсы ооруларды аныктоодо өтө зарыл инструмент экенин айтышууда. Ошондой эле бул Өзбекстандын медициналык тармагынын чоң жеңиши катары бааланууда.
Бул долбоордун алгачкы эле жылында өндүрүш кубаттуулугу 300 даана рентген-аппараттарын чыгарууга жетет. Ишканада азырынча 30 жумушчу орду түзүлдү, жыл аягына чейин жүзгө жакындайт.
Эскерте кетсек, мындай ишкана Борбордук Азияда азырынча бир гана Өзбекстанда бар. Адегенде өлкөнүн ички керектөөлөрүн канааттандырылып, андан соң экспортко чыгарышмакчы.