Эми Өзбекстан Малайзияга бадамды да экспорттой баштайт. Бул тууралуу Podrobno.uz сайты жазып чыкты.
Жакында эле Малайзиядагы ири соода-өнөр жай компаниясынын ээси Өзбекстанга келгенде Наманган областына барган. Ал жерде айыл чарбасын экспорттоочу жана кайра иштетүүчү ишканаларда болуп, адистер менен кенен баарлашып кайткан. Анан иштиктүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында өзбек бадамын Малайзияга экспорттоо келишим түзүлгөн. Ошентип, өзбек бадамы Baraka Istithmar бренди менен Малайзияда сатыла турган болду. Контракттык келишимдин наркы 2 миллион долларды түзөт.
Эскерте кетсек, бул Абдуллах Юсуф Аль Кадхинин Өзбекстанга болгон экинчи келиши. Биринчи жолу келген кезде Хорезм областына барып, Малайзияга кургатылган жемиштерди экспорттоо боюнча реалдуу келишимдерди түзүп кеткен болчу.
Ал эми Борбордук Азиянын мөмө-жемиштери Түштүк-Чыгыш-Азия өлкөлөрүндө экологиялык сапаты жана өзгөчө даамы менен бааланат.