Жакынкы мезгилде Өзбекстан Индияга коон, лимон, жүзүм экспорттоону баштайт. Жалпысынан айыл чарба продукцияларынын дагы 20 түрүн экспорттоо каралып жатат. Бул продукцияларды жөнөтүүгө фито-санитардык уруксатнаамалар алынганын өлкө өкмөтүнүн алдындагы өсүмдүктөрдү коргоо мамлекеттик инспекциясы билдирген. Бул тууралуу Podrobno.uz жазып чыкты.
Алынган маалыматта Өзбекстан менен Индия акыркы кездерде кызматташтыкты арттырып жатышканы айтылат. Бул максатта август айында Ташкенге Индиянын айыл чарба министри П. Рупала келип кеткен. Анда өзбекстандык ишкерлердин Индияга мөмө-жемиш жана айыл чарба продукцияларын эркин экспорттоосуна байланышкан маселелер чечилген. Эми Өзбекстан грек жаңгагын, арахисти, мистени, имбирди, өрүктүн, алчанын, кайнолунун кагын, болгар калемпирин жана башка жашылчаларды да экспорттой алат. Буга ылайык фитосанитардык уруксатнаамалар берилип жатат.
Кошумчалай кетсек, Өзбекстандан Индияга мөмө-жемиштерди экспорттоо иши өткөн жылы эле башталган. Өлкө башчысы Шафкат Мирзиеёв Индияга барган кезде өрүк, гилас, кайнолу жана нектарин экспорттоого келишим түзүлгөн.