Француздардын TOTAL Eren компаниясы өлкөдөгү биринчи күн электр станциясын курууга киришет. Анын жалпы кубаттуулугу 100 мегаватты түзүп, компания долбоорго 150 миллион евро инвестиция кийире турган болду. Бул тууралуу Podrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.
Аталган күн станциясы мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк шартында курулуп, ал Самарканд областында ишке ашырылмакчы. Ал эми курулуш иштери 2020-жылы биринчи кварталында башталат. Ал эми биринчи фотоэлектр станциясы 2021-жылдын биринчи кварталында ишке берилмекчи.
ФранцуздардынTOTAL Eren компаниясы бул ишкедолбоорлоочу, каржылоочу, куруучу жана долбоорду эксплуатациялоо мөөнөтү аяктагыча (25 жыл) өндүрүштү алып баруучу катары да катышат. Быйылкы сентябрь айында “Өзбекстандын улуттук электр тамрактары” ачык коому менен аталган компаниянын ортосундагы электр кубатын сатып алуу тууралуу келишимге кол коюлду. Ал эми Өзбекстан менен TOTAL Eren компаниясынын ортосундагы фотоэлектр станцияларын куруу жана иштетүү тууралуу келишимине Өзбекстан Республикасынын президенти 2018-жылы октябрь айында Францияга барган кезинде кол коюлган эле.
TOTAL Eren –кайталап өндүрүлүүчү энергетика булактары чөйрөсүндө иш алып баруучу дүйнөдөгү лидерлик позицияда турган компания. Анын ишке ашырган инвестициялык долбоорлорунун жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу 2400 мегаваттан ашса, дагы 2000 мегаваттык кубаттуулуктагы өндүрүштүк долбоорлор учурда иштелип чыгууда.