Өзбекстандын азыркы муундагы коомдук ишмерлери өлкөнүн Евразиялык экономикалык бириксеине киришин анчалык жактырышпайт. Белгилүү коомдук ишмер Азиза Умарова өзүнүн Фейсбуктагы расмий баракчасында муну ачык жазып чыккан. Бул тууралуу Podrobno.uz маалымат агенттиги билдирди.
Smartgov Consulting консалтинг бюросунун аткаруучу директору жана коомдук ишмер А. Умарова Өзбекстандын ЕАЭБга киришинин ыктымалдыгын катуу сынга алган. Ал ушундай маанилүү жаңылыктарды эмнегедир орус басылмаларынан жана орус саясатчыларынан гана билип жатышканын баса көрсөтүү менен бул уюмга кирген өлкөлөрдө анчалык деле жакшы көрүнүштөр жоктугун белгилейт. Ошондой эле Кыргызстан эмгек мигранттарынын өлкөгө которуучу акча суммасына чек коюлганына нааразы болуп жатканын, казакстандык эмгек мигранттарына мындай чек 150 миң рублга, армениялык мигранттар үчүн миллион рублга коюлса, кыргызстандык мигранттар үчүн болгону 100 миң рублга коюлганын мисал катары көрсөткөн. Беларус менен Казакстандын экономикасы акыркы кездерде начарлаганын да аргумент катары келтирген.
Ошондуктан да Өзбекстандын бул уюмга кириши акыры барып “өкүнүчтүү болорлугун” айтып, өлкөнү россиялык товарлар каптап кетерин, Россияга каршы саңкциялардан улам өлкөнүн экономикасы да артка кетиши мүмкүндүгүн эскертет. Андан тышкары, Өзбекстан Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жагынан тажрыйбага ээ эместигин белгилеп, өз пайдасы үчүн товар экспорттоонун техникалык регламенттерине да жетише албастыгын айтат.
-Биз кирели, артыбыздан географиялык жактан капаста калган Тажикстан кирет. Кайра артка жол калбайт. Эч кандай. Тынч ажырашуу да болбойт. Тынч гана чыгып кетүүнүн жолу калбай калат. Баарын бир гана өлкө чечет. Ал өлкө биз болбойбуз. Уюмга кирүү – бир гана туюкка карай билет алуу. Жашасын “Советтер Союзу”. Биздин муундагылар мындай нерседен эч бир үмүт кылышпаган эле, – деп кейийт А. Умарова.
Эскерте кетсек, РФнын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жакында эле Өзбекстан ЕАЭБга кирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. Бул багытта Өзбекстан менен Россия жумушчу тобун түзүшкөн. Ал топ өлкөнүн бул уюмга киришинин мүмкүндүктөрүн жана тобокелдиктерин анализдейт.
Ал эми Евразиялык экономикалык бирикмеге учурда Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Россия мүчө. Ал эми Молдова байкоочу катары катышып жатат. Уюмду түзүү тууралуу келишим 2015-жылдын 1-январынан күчүнө кирген.