Эми Өзбекстан электробустарды жыйнап чыгаруу өндүрүшүн жолго коюуга аракет жасап жатат. Бул максатта азыр Япония менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Podrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.
Өлкө президентинин басма сөз кызматынын билдиришинче, быйыл жылдын акырында президент Шавкат Мирзиёевдин Японияга сапары пландалууда. Ага даярдык көрүүнүн алкагында эки тарап энергетика, транспорт, айыл чарбасы, тейлөө чөйрөсү багытында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерди талкуулаган. Айрыкча, химия өндүрүшүн, япон технологиясы боюнча электр станцияларын куруу, сууну тазалоо жана суу менен камсыз кылуу системасын модернизациялоо, шаардык электробустарды жасап чыгаруу долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Жакынкы аралыкта Ташкен шаары үчүн электрбустар партиясы сатып алынмакчы. Эгер Белоруссиядан алып келинген биринчи электробус шаар көчөлөрүндө эксплуатациялык сыноодон жакшы өтсө, ал тез эле ишке ашырылат. Ошондой эле Өзбекстан Япониянын Itochu компаниясы менен жаңы электробустарды жасап чыгарууну жолго коюу боюнча сүйлөшүп жатат.
Президент Шавкат Мирзиёевдин Японияга болгон иш сапары быйыл декабрь айында болору айтылууда.