Алдыдагы беш жыл аралыгында Өзбекстандын ички дүң продукцясынын көлөмү 100 миллиард долларга жеткирилет. Бул тууралуу өлкө башчысы Шавкат Мирзиеёв өткөн аптада өлкө парламентинде сүйлөп жатып билдирген.
Өлкө башчысынын айтымында, акыркы бир жарым жылда өлкөдөгү дүң продукциянын көлөмү 44 миллиард доллардан 58 миллиард долларга чейин өскөн. Тыкан эсептөөлөр көрсөткөндөй, эми аны 100 миллиард долларга жеткирүүгө мүмкүндүктөр толук жетиштүү. “Коңшуларыбыз – мен кимди айтып жатканымды билесиздер – эгемендик жылдарда ички дүң продукцияны 180 миллиард долларга жеткиришти”, — деди Ш. Мирзиеёв.
Президент алдыдагы беш жылда инфляциянын деңгээлин 5 пайызга төмөндөтүү зарылдыгын белгилеп, бардык чөйрөлөрдө жетишсиздиктер, кемчиликтер болуп жатканын баса көрсөттү. Эми эң негизги багыт катары көйгөйлүү отун-энергетикалык чөйрөсү бутага алынмакчы. Бул чөйрөнүн коррупцияга батып калганы айтылып ,өлкө 4,5 миллиард киловатт-саат энергияны импорттоп жатканы, келечекте 73 миллиард киловатт-саат энергия өндүрүү зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле беш жыл ичинде өлкө Дүйнөлүк банктан 10 миллиард доллар алып, түз инвестициялардын көлөмү 10 миллиард долларга, экспорттун көлөмү 30 миллиард долларга жетиши каралды.