Азия Өнүктүрүү банкы (АБР) жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч суу электр станцияларын курганга Өзбекстан үчүн 60 миллион доллар каражат бөлдү. Бул тууралуу Podrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.
Бул энергиянын таза булактарын пайдалануу аркылуу өлкөнүн энергетикалык балансын диверсификациялоого, абага көмүртектин чыгышын азайтууга мүмкүндүк бермекчи. Акыркы кездерде Өзбекстанда энергетикалык кубаттуулукту арттыруу, таза энергия булактарын кеңири пайдалануу жагынан бир катар ири долбоорлор да ишке ашырылып жатат. Анлан сырткары, Борбордук Азияда биринчи жолу атомдук электр станциясын куруу да Өзбекстанда ишке ашырылмакчы.
Өзбекстан кайталап өндүрүлүүчү энергия булактарына бай. Азыркы учурга чейин өлкөдө жалпы энергетикалык потенциалдын 20 пайызы гана, же 1,9 гигаватт пайдаланылып келет. Эми алдыда ушундай суу электр станциялары Рабатта 6 мегаваттык, Чаппасууда 8 мегаваттык, Тамшусууда 10 мегаваттык кубаттуулукта курулуп, андан тышкары дагы жалпы кубаты 1 мегваттка жеткен 3 кичи суу электр станциялары ишке берилет.
Бул долбоорду “Узбекгидроэнерго” акционердик коому алып барып, өлкөнүн энергетикалык мүмкүнчүлүгүн 2030-жылга карата 1600 мегаваттка жеткирүү максатында 2,6 миллиард доллардык инвестицияны ишке ашырууга көзөмөлдүк кылат. Ал эми жогоруда аталган долбоордун наркы 75,3 миллион долларга тең жана 2023-жылга карата аяктамакчы.