Дүйнөлүк үчүнчү экономика делген Япониянын быйылкы июль-сентябрь айларындагы ички дүң продукциясынын көлөмү жылдык ченемде 21,4 пайызга өсүп, акыркы 40 жыл ичинде рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Япониянын өкмөтүнүн маалыматтарына таянып ТАСС жазып чыкты.
Алынган маалыматка караганда, үчүнчү кварталдагы ички дүң продукциянын көлөмүнүн өсүшү өткөн кварталга караганда 5 пайызга жогорулаган. Өлкөнүн ички керектөөсү 4,7 пайызга өсүп, экспорттун өсүшү 7 пайызга жеткен. Өлкөдө быйылкы жылдын акыркы кварталдарында бир гана өсүү катталып турду.
Быйылкы жылы октябрь айында Япониянын банкы пандемиянын кесепети менен өлкөнүн ички дүң продукциясы жыл жыйынтыгында 5,5 пайызга кыскарышы ыктымал деген божомолду жарыялаган. Бирок, ошол эле банк 2021-жылы ички дүң продукциянын 3,6 пайызга өсүшүн да божолдогон.
Биринчи кварталда Япониянын ички дүң продукциясы жылдык ченемде 2,2 пайызга төмөндөй түшкөн. Экономиканы сактап калуу үчүн бийликтер кошумча 1,1 триллион доллар бөлүүнү пландашкан. Ал эми экономикага жалпы чыгымдоолор 2,18 триллион долларды, башкача айтканда, өлкөнүн ички дүң продукциясынын 40 пайызын камтышы мүмкүн.