Сингапурдагы DBS банкынын божомолуна караганда, эгер өсүү темпи жылына 6-6,% пайыз болуп турса, 2029-жылы Вьетнамдын экономикасы Сингапурдун экономикасын кууп жетет. Бул тууралуу Today Online билдирди.
Аталган банктын башкы экономисти Ирвин Сеанын (Irvin Seah) айтымында, Вьетнамдын экономикасынын туруктуу өсүп жатышына АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу жакшы таасир берип жатат. Андан тышкары, өлкөдө экономикалык реформалар тездик менен жүрүп, инвестициянын туруктуу келиши көп болууда. Ошондой эле, өлкөдө билимдүү жаштардын саны да көп болуп, эмгек акынын жогору экени да эске алынат. Ошонун натыйжасында Вьетнам ошол аймактагы электрониканын экспорту боюнча экинчи орунда турат. Жакынкы убактарда Кореядан LG жана КытайданApple өндүрүшүн ушул өлкөгө которуу кабары угулду.
Учурда Вьетнамдын экономикасынын көлөмү 224 миллиард долларга барабар, бул болсо экономикалык көлөмү 324 миллиард турган Сингапурдун 69 пайызын түзөт. Деген менен, Вьетнам калкынын саны боюнча шаар-мамлекет эсептелген Сингапурдун калкынан 15 эсе көптүк кылат. Эми ички дүң продукциянын киши башына эсептегендеги көлөмү жагынан АСЕАНда лидер болуп турган Сингапурду кууп жетиш үчүн он жыл талап кылынат.
Бирок, Вьетнамдын мындай экономикалык арышыСингапур үчүн жагымсыз жаңылык эмес, анткени экөө өнөктөш өлкө катары биринин ийгилигинен экинчиси утат.