Deutsche Bank 2016-жылдагы алган насыя боюнча күрөө катары койгон Венесуэланын 20 тонна алтынын конфискациялап алды. Бул тууралуу Bloomberg каржы агентигине шилтеме берүү менен Interfax.ru жарыялап чыкты.
Алынган маалымат караганда, Германиянын бул ири банкынан 2016-жылы Венесуэла 750 миллион доллар өлчөмүндө накталай насыя алган. Бирок, алган насыя боюнча үстөк пайыздарын төлөөнү токтотуп койгондуктан, банк 2021-жылга чейин иштей турган келишимдин аракетин токтотуп, күрөөгө колган алтынды конфискациялап алган.
Бул маалымат боюнча Deutsche Bank өз пикирин билдирүүдөн баш тартса, Венесуэланын Борбордук банкы да бул иш боюнча өз позициясын билдирген эмес.
Аyдан тышкары, Bloomberg билдиргендей, Венесуэладагы оппозиция банктан 120 миллион долларды өлкө президенти Николас Мадурого тийиштү эмес эсепке которууну суранган. Бул 120 миллион долларлык сумма алтынды алган убактан берки баасынын айырмасы менен түшүндүрүлгөн.
Эскерте кетсек, быйылкы февраль айында BloombergВенесуэла өлкө аймагынан 20 тонна алтынды алып чыгып кетүү планын кийинкиге калтырганын кабарлаган болчу.