Кыргызстанга жыл сайын аткезчилик жолу менен 500 ми тонна ун алынып келинет. Бул аткезчилик продукциясынан кошумча нарк салыгы алынбай кала берет да, өлкө казынасы 1 миллиард сом зыян тартып калат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Экмат Байпакбаев айтып чыкканын жана чек арада нормалдуу көзөмөл жүргүзүүнү талап кылганын economist.kg сайты билдирди.
Депутаттын айтымында, 2014-жылы ундун импортунун расмий көлөмү 460 миң тонна болсо, 2018-жылы 78 миң тонна гана болгон. Ошондой эле акыркы беш жыл аралыгында ун өндүрүү өлкө боюнча 3 эсеге азайып кеткен.
-Ун өндүрүүчү комбинаттарда иштеген биздин 3 миң жарандарыбыз жумушсуз калды. Алардын көпчүлүгү гастарбайтер болуп иштөө үчүн чыгып кетишкен. Бүгүн 80 пайыз ун Казакстандан алынып келинет. Биз өз ун комбинаттарыбызды жаап, башкалардын экономикасын колдоп жатабыз. Бир дагы ун комбинаты быйылкы жылы поанды аткарган жок, салык да түшпөй жатат, баары токтоп турат, — деди Байпакбаев.