«Турмуш — бул тутанган куурай, убакыт — карматпаган куш» деп кыргыз эли бекер айтпаган тура. Бир кезде суу сактагычтын түбүндө калган аэропорт жөнүндө Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын, публицист маркум Кудайберген Жуманазаров агабыз «Жоголгон аэропорт» деп, өзүнүн орошон ойлорун ортого салган эле.
Ал макалада айтылгандай, райондун аэропорту үчүн «Тегерек», андан кийин «Кайрак» участокторунан «Як-40» учагына ылайыкталып, тилкелер тандалып, асфальт төшөлүп, бетон жаткырылып, жакшы эле иш башталган. Анткени Токтогул районунун борбору Жалал-Абад шаарынан 330 чакырым, Бишкектен 286 чакырым алыс жайгашкан. Райондо бир шаар, 10 айыл аймагы бар, бүгүнкү күндө жашоочулардын саны жүз миңге жакындап калды.
Кыштын күндөрү Чычкан капчыгайынын эбегейсиз чоң көлөмдөгү кар көчкүлөр түшүп, Ош-Бишкек жолу 3-4 күндөп жабылып калган учурлар көп болот. Аны ачыш үчүн канчалаган акча каражаты талап кылынат. Бишкек шаарына жете албай же артка кете албай Баткен, Ош жана Жалал-Абад областынан келген жүргүнчүлөр канчалаган убаракерчилик тартып келишет.
«Төгүн жерден өрт чыкпайт» тура. Токтогул ГЭСи жана суу сактагычы куруларда суу алдында калган асыл жерлерди 26 элдүү пункттун ордуна 14 шаар тибиндеги посёлок куруп, суу алдында калган бардык баалуу курулуштарды калыбына келтирүү жагы кыргыз бийлиги тарабынан убадаланган. Алардын ичинде бүгүн биз сөз кылып жаткан жарандык аэропорттун курулушу да бар эле.
Токтогул районунун элине «Артыкчылык статусунан тышкары тоолуу, алыскы стратегиялык аймак катары бир кезде «ИЛ-14» үлгүсүндөгү күмүш канат учак каттай турган. Анын тарыхы 1946-жылга барып такалат. Ошол жылы экинчи ноябрдагы түнкү саат үчтөн өткөндө 9 баллдык жер силкинүүсү болуп, 280 адам мерт болгон. Анын 180и Шевченко айылындагы балдардын жатак мектебинин окуучулары эле. Ал эми райондун борборуна жакын Ленин атындагы колхоздон эле он адам каза тапкан.
Көп өтпөй борбордон Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов баш болгон атайын комиссиянын курамы «Ил-14» учагы менен учуп келип, ал кездеги «Кайырма» колхозунун маңдайындагы бош жаткан кең талаага конгон. Кийин ошол учак учуучу тилкелер бетондолуп, ал жерге аэропорттун административдик имараты курулган. Анын алгачкы уюштуруучусу маркум С. Селиванов болгон.
Ар нерсеге бир нерсе себеп болот тура. Ошол боюнча өрөөндүн катаал климаты, автожол байланышынын начардыгы жана элдин көйгөйлүү тагдыры эске алынып, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Т.Кулатовдун шарапаты менен Токтогул районуна атайын аба мейкиндигинен кеңири жол ачылып, бул аэропорт 1970-жылга чейин элге кызмат кылды. Ал эми 1960-1970-жылдары республиканын борборунан эки аба каттамы ачылып, биринчиси, Фрунзе-Токтогул-Ош, экинчиси Фрунзе-Талас-Токтогул жана Токтогул-Фрунзе каттамы өндүрүшкө киргизилген. Токтогулдуктар Фрунзе шаарына эртеӊ менен учуп барып, зарыл иштерин бүткөрүп кайра учуп баса берише турган.
Эмгекчилер депутаттарынын Токтогул райондук кеңешинин аткаруу комитетинин 1974-жылдын 10-июнундагы 228-чечимине ылайык, райондук жаңы аэропорттун курулушуна жер участогун тандоо боюнча маселе каралган. Анда бул маселе 1965-жылдан бери эле көтөрүлүп келгендиги айтылган. Бирок, райондо сугат участокторунун тартыштыгына байланыштуу бул маселе чечилбей келгендиги белгиленген. Акырында КРнын Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан бул өрөөндүн аймагынан учак менен сыноо, байкоо иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада белгиленген “Тегерек” участокторунан биринчи жолу 49,12 гектар жер аянты бөлүнгөн, анын ичинен 36,86 гектары айдоо, 6,45 гектары кайрак жер эле. Бул чечимди бекитип берүү жагы Ош областтык аткаруу комитетинен суралган.
Ошол эле жылдын 23-майында эмгекчилер депутаттарынын аткаруу комитетинин 266-буйругунун негизинде атайын комиссия түзүлгөн. Анан эмне болду? Пландаштырылган «ЯК-40» учагы тоолорго урунуп калат”, «Абага Токтогул шаарын эки жолу айланып учууга туура келет» деген шылтоолор менен райондук аэропортунун курулушу токтотулат.
Эмгекчилер депутаттарынын Токтогул райондук аткаруу комитети 1977-жылдын 8-апрелинде 105-чечимин кабыл алат. Анда Токтогул шаарына караштуу жаңы аэропорттун курулушу «Живпром» атайын чарбасына тиешелүү «Кайрак» участогуна которулуп, ал үчүн 55 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Чечимди бекитип берүү жагы Ош областтык аткаруу комитетинен суралган. Ошол эле күнү 17 адамдан турган комиссия курамы түзүлгөн. Курулуш планында көрсөтүлгөндөй, сметалык иш кагаздары даярдалып, «ЯК-40» учагына ылайыкталып аэропортко бөлүнгөн жерлер жана арык-аӊдары тегизделип, толтурулуп, таптоо иштери жүргүзүлө баштаган. Атүгүл аэропорт үчүн бөлүнгөн жердин актысы түзүлүп, 17 адамдын колдору коюлуп, мыйзамдаштырылган.
Анан «Достун көӊүлү — бир татым наспай» дегендей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация башкармалыгынын көңүлүн таба албай коюшат. Алар «Як-40» учагы учушка болбойт, суу сактагычтын тосмосу, бөксө тоолор учак учушка жолтоо болот» деп, борборго кайтып кетишет.
Ошентип, миллиондогон сом сарпталган «Кайрак» аэропорту бүгүнкү күндө «төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок» дегендей унут калтырылды. Деген менен, учак коно турган тилкелери бетондолуп, кыйла иштери бүтүп калган эле. Бүгүнкү күндө үлкөн үмүт менен курулган темгил тилкелер өчүп, ээнсиреп, мал жайытка айланган.
Бүгүнкү күндө Токтогулда аэропортко ылайык учак тандалып, административдик имаратын куруп койсо, райондун эли үчүн да, мамлекет үчүн да пайдалуу болмок. Кыштын күнү Ош, Баткен жана Жалал-Абаддыктар да учак каттамынан пайдаланышмак.
Исабек ТОКТОГУЛОВ,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.