Индия менен Борбордук Азияны байыртан бери эле тарыхый жана маданий байланыштар чырмап келген. Бул айрыкча Улуу Жибек жолу аркылуу соода байланыштары күчөп турган мезгиле туш келет. Деген менен, мезгил өтүп, өз-ара байланыштардын жана кызматташтыктардын мүнөзү да өзгөрүп кетти. Индия кийинки кездерде Борбордук Азия өлкөлөрүндө телемедицина жана телебилимберүү тармагын жайылтуу ишине күч үрөп жатат. Бул жаатта Индия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык тууралуу кеп козгосо болот.
Телемедицина телекоммуникациялык технологиялардын жардамы менен бейтаптарга аралыктан диагноз коюу жана дарылоо, ошентип аралыктан туруп кадыресе медициналык жардам көрсөтүү процессин билдирет. Мындан тогуз жыл илгери, 2015-жылдын башында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Индия менен Борбордук Азиянын ортосундагы биринчи телемедициналык байланышты ачып берген эле. Ал Ош жана Бишкек шаарларындагы жана Делидеги “Аполло” жана AIIMS ооруканаларынын дарыгерлери менен жүрөк оорулуу бейтап боюнча телеконсультация процессинин күбөсү болгон. Премьер-министр Нарендра Моди кыргызстандык өзүнүн коллегасы Темир Сариев менен бирге эки өлкө ортосундагы телемедициналык байланышты ишке киргизип, ошол эле жылы июль айында Бишкектеги Кыргыз-Индиялык тоо-биомедициналык изилдөө борборуна (KIMBMRC) келген. Бул Индиядагы атайын адистешкен ооруканаларга байланыштуу эле.
Энергоресурстарга бай Борбордук Азияга карата дипломатиялык аракеттерди арттыруу менен Индия телебилимберүү жана телемедицина багытындагы долбоорлорду түзүү менен Панафрикалык электрондук тармактын ийгилигин бул жакта кайталамакчы болгон. Бул стратегиялык маанилүү аймактын бардык мамлекеттерин камтымак. Акыркы жылдары Индия Кыргызстанда телемедицинанын тармагын куруп, Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда ИТ-борборлорун жана ар кайсы масштабдагы көптөгөн башка долбоорлорду түздү.
Индиянын Тышкы иштер министри С. Жайшанкар кала берсе индиялык өнөр жайчыларды Борбордук Азияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырып, бул кеңири кошуналык кызматташууларда Индиянын экономикалык таасиринин жогорулашына үмүттөнөрүн билдирген. Тарыхтагы биринчи Индия-Борбордук Азия ишкерлер кеңешинин жыйынында Жайшанкар бир катар сунуштарды кийирген. “Мен Индия-Борбордук Азия диалогунун алкагында муну айтып кетким келет, өкмөттөр өздөрүнө динамикалуу өнөктөштүк боюнча милдеттенмелерди алышты, эми муну ишке ашырууда өнөр жай чоң ролду аткарууга тийиш. Кыйла ири экономика катары мен индиялык бизнести Борбордук Азия рыногуна көбүрөөк көңүл бурууга атайын чакырып кетер элем. Мен биздин кошунабыз болгон бул аймактагы Индиянын экономикалык таасири жакынкы жылдары геометриялык прогресс менен өсөт деп ишенем. Дагы бир жолу Индия-Борбордук Азия ишкерлер кеңешинин жаңыдан түзүлүшү менен куттуктаймын жана иштеги албан ийгиликтерди каалайм” – деген сөзүн The Economic Times билдирген.
Телемедицина чөйрөсү Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө ыкчам темп менен өнүгүп келатат жана Өзбекстан да мындан четте калган жок. Индия менен Өзбекстанды саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери жаатындагы илгертен эле боло келген кызматташтыктар байланыштырат. Бул өнөктөштүк эки тарапка да пайдалуу болду: Индия Өзбекстанга биринчи класстагы медициналык тейлөөнү жана окутууну, ал эми Өзбекстан Индияга баалуу ресурстарды жана тажрыйбаларды сунуштап келет. Телемедицина башталгыч багыт эсептелет: эки өлкө тең алыскы аймактар үчүн саламаттыкты сактоону жакшыртуу максатында инновацияларды өздөштүрүп келишет. Андан тышкары, алар медициналык билим берүү, изилдөөлөр жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагында алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу жаатында да кызматташып келатышат.
Индия саламаттыкты сактоонун келечегин аныктаган жаңы ийгиликтерди камсыз кылуучу жана жашоону жакшыртуучу алдыңкы ийгиликтүү технологиялардын ээси эсептелет. Телемедицина — бейтаптардын дарыгерге видеочат, мобилдик телефон, ноутбук жана зымсыз технологиялар сыяктуу башка да байланыш каналдары аркылуу кеңеш сурап кайрылуусун камсыздап берген салыштырмалуу жаңы концепция. Бейтапка телемедицина аркылуу виртуалдуу диагноз коюу, дары-дармектерди онлайн дайындоо жана дистанциялык жардам көрсөтүү бул жөн гана кол жетерлик, аккредиттик саламаттык сактоону камсыздап калбай, ошол эле кезде превенттивдүү медцинага жол ачат. Бул деген дарылоого жекече мамиле, баштапкы алдын алуучу жана божомол жасоочу медицина экенин Moneycontrol.com жазып чыгууда.
Телемедицина концепциясы 2001-жылдагы телемедициналык пилоттук ISRO долбоорунан кийин узак жол басып келди, пандемиянын таасири менен азыркы заманга ылайык кыйла кеңейтилди, эми жакынкы жылдарда геометриялык прогрессия менен алдыга жылмакчы. Бейтаптар тууралуу ыкчам маалымат алмашуу, өз убагындагы консультациялар жана реалдуу убакытта бейтап менен түз байланышуу мүмкүнчүлүгү бул кызматка улам өсүп бараткан муктаждыктын себептери болуп саналат. Эми алдыдагы 2025-жылы Индиянын бул жааттагы рыногунун көлөмү 5,4 миллиард АКШ долларына жетип, жылдык дүңүнөн өсүү темпи (CAGR) 31 пайызды тузмөкчү.
Деген менен, жашоо көндүмүнө байланышкан дарт-ылаңдар улам барган сайын кеңири таркап жаткан кезде, саламаттыкты сактоонун чыгымдары улам өсүп баратканда медицинанын салттуу системасы бир катар кыйынчылыктарга дуушар болот. Бирок, инновациялык технологиялар саламаттыкты сактоо уюмдарына ишин жакшыртууга жана ооруканаларга келип жаткан оор жүктү азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Реалдуу убакыт ичинде смартфондун, планшеттин, ноутбуктун же жөнөкөй эле стол үстүндөгү компьютердин жардамы менен дарыгерлердин өз ара кеп-кеңеш ала алышы бул трансформацияга жол ачат.
Эскерте кетчү жагдай, азыркы мезгилде Кыргызстандын үч ооруканасында – Бишкектеги Кардиология жана ички оорулар улуттук борборунда, Энени жана баланы коргоонун улуттук борборунда жана Улуттук хирургия борборунда, ошондой эле Оштогу областтар аралык бириктирилген клиникалык оорукасында, Караколдогу областтык бириктирилген клиникалык ооруканада, Таластагы областтык бириктирилген клиникалык ооруканада телемедициналык тармак ийгиликтүү иштеп жатат. Бул алты ооруканадагы телемедициналык тармак активдүү пайдаланылып, көпчүлүк кыргызстандыктарга пайда алып келди.
Эркинбек КАМАЛОВ.