Кыргызстандагы таза суу менен камсыздоочу “Ала-Тоо” программасынын алкагында Европа өнүктүрүү банкы Суу пайдалануучулар ассоциациясын жоюп, борбордук таза суу ишканаларын түзүү талабын коюп жатат. Бул тууралуу Таза суу департаментинин Жалал-Абад областындагы өкүлү Таалайбек Долдоев билдирди.
Кыргызстанда таза суу менен 5 жылда толук камсыздоочу “Ала-Тоо” программасы ишке ашырыла баштады. Мында негизги каржы булактары катары республикалык, жергиликтүү бюджеттер жана чет элдик банктардын кайтарымсыз гранттары бар. Каржылоочу банктар да өздөрүнүн талаптарын коюшууда, алардын бири Европа өнүктүрүү банкы ар бир райондо борбордук таза суу ишканасын түзүүнү сунуштаган.
-Ар бир райондо суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) бар. Алар 2001-2009-жылдары Азия өнүктүрүү банк каржылаган таза суу долбоорунун алкагында түзүлүп калган. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад областында 143 СПА болсо, ошонун 42си гана 60-70 пайыз көрсөткүчменен иштеп жатат. Албетте, жакшы иштеп кетиши үчүн өзүн-өзү каржылашы керек, а өзүн өзү каржылашы үчүн элге таза суу бериши керек. Таза суу бере албагандан кийин элдерден каражат түшпөйт. Ошол себептүү СПАларды айыл өкмөттөргө берип жатабыз. Ал эми Европа өнүктүрүү банкынын талабы ар бир райондо борбордук таза суу ишканасын түзүп бергиле деп жатышат. Азыр Ноокенде, Базар-Коргондо, Сузакта, Аксыда түзүлдү. Кийин долбоор бүтүп, кабыл алынган соң, ошол жерде иштеген техникалар, компьютерлер борбордо калат. Андан ары да иштеп кетиши, таза суу берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн керек. Ал гана эмес бир жыл ичинде адистерди кантип иштөө боюнча окутушат, – дейт Т . Долдоев.
Кошумчалай кетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун май айында өткөргөн таза суу боюнча чоң жыйынында Кытайдан да грант келери айтылган. Таза суу долбоорун ишке ашыруу максатында Кытай Эл Республикасынан101 миллион долларлык кайтарымсыз каражат бөлүнөрү тууралуу маалымат айтылган.