Эгерде жогорку кеңештин депутаттары жер кодексине өзгөртүү киргизбесе Кыргызстан 2023-жылга чейин таза суу менен толук камсыз боло албай калышы толук ыктымал. Президент Сооронбай Жээнбеков 2023-жылы Кыргызстан таза суу менен толук камсыз болот деген убадасын берди. Бирок Жалал-Абад областы боюнча таза суу департаменти айрым айыл өкмөттөрдө суу 2024-2025-жылга дейре кечигиши мүмкүн экенин айтат. Анын жүйөлүү себептери тууралуу Жалал-Абад областы боюнча таза суу департаментинин өкүлү Таалайбек ДОЛДОЕВ айтып берет.
Кайсыл айылдарда таза суу көйгөйү курч?
Таза суу департаментинин негизги максаты — инвестиция тартуу. Эл аралык уюмдардан инвестиция тартып келип, АРИС жана капиталдык курулуш департаменти аркылуу тендерге берүү. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад областы боюнча 8 райондо 409 айыл бар, алардын 179унда таза суу түтүкчөсү такыр курулган эмес. Бул 3 этапка бөлүнгөн изилдөөдөнүн жүрүшүндө аныкталды. Биринчи этапка 1950-жылдан 1970-жылга чейин курулган суу түтүктөрү кирет. Экинчи этапка 1970-жылдан 1990-жылга чейин суу түтүкчөлөрү курулган айылдар кирсе, үчүнчү этапка 2000-жылдан 2017-жылга чейин курулгандары кирет.
Эң эле эскилиги жетип колдонууга болбой калгандар — 1-этаптагы суу түтүктөрү, алар областта 50 айылда курулган эккен. Андан кийин такыр таза суу түтүкчөсү курулбаган 179 айылды кошкондо бүгүнкү күндө 232 айылда ичүүчү суу көйгөйү курч. Андан сырткары, 2000-жылдан 2009-жылга чейин Жалал-Абад областында 53 айылды камтыган чоң таза суу долбоору болгон. Мында бардык айылдарда жумуш башталып, тилекке каршы, алардын 24 айылында иштер 60-70 пайыз гана аткарылган. Бүгүнкү күндө ал чоң көйгөй жаратып келет. Азыр эң ириде биринчи этаптагы жана такыр суу түтүкчөсү курулбаган 179 айылда иштер жүрүп жатат.
Кандай көйгөй жаралууда?
Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2023-жылга чейин Кыргызстанды толук таза суу менен камсыздоо долбоорун кабыл алынган. Анын негизинде 5 жылдык “Ала-Тоо” программасы иштеп жатат. Эл аралык уюмдар жана фонддор менен ошондой эле жергиликтүү, республикалык бюджеттин каржылоосу менен учурда 53 айылда таза суу долбоору аяктоо алдында турат. Ал эми көйгөйлүү маселелердин бири — жер.
Мисалга, Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтү Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу долбоорго киргизилген, бирок эки жылдан бери жер көйгөйү чечилбей жатат. Себеби айыл өкмөттүн балансында жер жок. Жер токой чарбасына тиешелүү, ал эми токой чарбасынын жерин алуу машакаты күч. Мыйзам боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гана токтому чыгышы керек, Өкмөттүн токтомуна жетиш үчүн 8 ведомстводон өтүү абзел. Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин 3 окуусунан өтүүсүнө чейин эле канча убакыт кетет.
Бул жагдайды эртерэк чечип, даярдап туруусу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, жетекчиликерге дайындалып жатат. Анткени маселени чечип, жерди даярдап туруу — алардын милдети. Аталган маселе тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына Жер кодексинин мыйзамына өзгөртүү киргизүү суранычы менен кайрылуу жасалган. Суу тосмосун курганы 60-70 сотых жер керек. Ушул үчүн айылдык кеңештин депутаттарына ыйгарым укук берсе эле маселе чечилет. Эгерде Жер кодексине өзгөртүү кирип калса, анда 5 жылдык прогамманы да аткарса болот. Болбосо, 2024-2025-жылга чейин кечигиши толук ыктымал. Деген менен, буга керектүү каражат, инвестиция жетиштүү бар.
Роза АКМАТЖАН кызы.