Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Ленин айылында жашаган 67 жаштагы ардагер мугалим Юрий Губайдулинди жаңы окуу жылынын башталышынын алдынан өзү окутуп, таалим берген айылдаштары катуу сабап салышкан. Карыя алган жараттарынан улам Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынынсынык-жарат бөлүмүнө кайрылып, ал жерде жатып калган. Дарыгерлер анын ээги эки жеринен сынганын, башы катуу чайкалганын, башка да жараттарды алганын аныкташкан. Ага тезинен жардам көрсөтүү максатында операция да жасашкан. Учурда карыя мугалимдин абалы дурус.
Мындай жагымсыз окуянын болушуна Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында сугат суусунун жетишсиздиги, мураптар тарабынан айылдыктар арасында суунун туура бөлүштүрүүгө маани берилбегени себеп болгон. Августтун 24үнөн 25ине караган түнү Ю. Губайдулин огородун сугарып жатса, ашып жаткан суу токтоп калат. Анын айтымында, сууну айылдаштары Молдобаевдер тосур алган экен. Карыя мугалим менен айылдаш 17 жашар Эмир Толубаевдин ортосунда суу талаш болуп калат. Ал дароо абасы Данияр Молдобаевди жардамга чакырып, карыя мугалимди катуу сабап коюшат.
-Мен 45 жыл айылда мугалим болуп иштедим. Менин жубайым да ушул эле айылда мугалим болуп иштеп, 10 жыл мектептин директору болгон. Эки муундагы айылдыктарга билим бердим, баарын тарбияладым. Бирөөсүнө да кол көтөргөн эмесмин, жакшы окугула деп талап кылып гана келгем. Эми ушунча жыл иштеп, элдин сыйын көрө турган убакта ушинтип кордук көрүп отурганыма кейиймин, — дейт Ю. Губайдулин.
Бул иш ички иштер органдарынын көз жаздымына калган жок, дароо катталып, сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал эми карыя мугалимди кетмен менен башка чапкан 17 жаштагы Э. Толубаев таяк жедим деп арызданып, ал да ооруканага жаткан. Бирок, Ю. Губайдулин башына кетмен тийгенде эде эс-учун жоготуп койгонун, ошол тапта аны тепкилеп салышканын, кийин үйүнө келишип, анда да сабап кетишкенин айтат. Буга кошунасы Кылычбаева Эльмира күбө болгон, аларга каршылык көрсөтүүгө кымындай да мүмкүн болбогон. Ал эми Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынан бул жагымсыз окуя тыкыр иликтенип, айыптуулар өз жазасын аларын билдиришти.
Ю. Губайдулин областтык клиникалык оорукананын дарыгерлери жакшы кабыл алып, ынтаа менен дарылап жатышканын айтып, ыраазы болгонун жашырбайт. Анын кошунасы, тажрыйбалуу дарыгер, оорукананын бөлүм башчысы Абдыкадыр Исаев карыянын сабалып, ооруканага түшкөнүн угуп, эс алууда болгонуна карабастан ага жардам берүүгө шашкан. Операцияны ийгиликтүү өткөрүп, азыркы учурда карыянын абалы кыйла жакшы болуп калды.
Ардагер мугалимдер Юрий Губайдулин жана анын жубайы Альфия Абдулина Сузак районунун билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө көп эмгек жумшаган. Коомчулук арасында аларды сыйлап-урматтагандар аз эмес. Ошондуктан да жаңы окуу жылы башталган 2-сентябрь күнү анын мурдагы окуучулары, коомчулук өкүлдөрү, укук коргоочулар ооруканага келишип, ардагер мугалимден кабар алып кетишти.
Ю. Губайдулин азыр коомчулукта тартипсиздик, жаштар арасында бейбаштык көп болуп жатканын, бирок аларды ооздуктоого, тарбиялоого карата чаралар көрүлбөй жатканын айтып кейийт. Ал өзүнүн нааразылыгын, коомдо болуп жаткан жагымсыз көрүнүштөргө тынчсызданып жатканын билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу катын жолдоду. Анда жалпы Кыргызстанда коомчулук арасында тартип жана өз ара сый-урмат болушу абзелдигин, буга бийликтер коомчулук менен бирдикте жетишүүсү зарыл экенин билдирген. Ошондой эле өзүнүн башына түшкөн бул мүшкүл ишти укук коргоо органдары адилеттүү, мыйзамдуу иликтеп, жыйынтык чыгарса деген тилегин айткан.
Ошентип, болор иш болду, эми ал тергөөчү тарабынан адилет иликтенер деген үмүт бар. Буга укук коргоочулар да, коомчулук өкүлдөрү да, массалык маалымат каражаттары да көңүл буруп, кандай жыйынтык болорун күтүшөрү талашсыз.