Үстүбүздөгү жылдын 1-май күнү саат 10:30 чамасында Анара аттуу жаран шериги менен Кара-Дарыя айылындагы адырга алып барып, 2002-жылы туулган базар-коргондук кызды эч бир себепсиз уруп-сабап коюшкан. Областтык ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча арыз даттануу 17-май күнү Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөндүгүн жана керектүү чаралар көрүлгөндүгүн билдирди.
Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 266-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
-Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну, 1984-жылы туулган жаран кармалды. Ал буга чейин 2012-жылы “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде соттолгон, Ички иштер министрлигинде каттоодо турган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, каймана аты «Бульдозер» экендиги белгилүү болду. Учурда катталган кылмыш иши боюнча Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.