Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо быйылкы жылдын 14-июнуна коюлган. Учурда бул кызмат ордуна беш талапкер катталып, алар депутаттар арасында иш алып барышууда. Айылдык кеңештин айрым депутаттарынын айтымында, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо убагында райондук бийлик тараптан кайсы бир талапкердин пайдасына административдик ресурстардын колдонулуп жатканы байкалууда, бул райондо аймактык ажырымды күчөтүп, жаңжалдын чыгышына себеп болушу ыктымал.
Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Шухратилла Шералиев менен айылдык кеңештин депутаттарынын ортосундагы пикир келишпестиктер болуп келген. Айрым атын атагысы келбеген депутаттардын айтымында, бир нече жолу ага ишенбестик жарыялоо аракеттери жасалган, бирок депутаттардын кворуму жетпей калып, ал ишке ашкан эмес. Ошол эле кезде айыл өкмөтүнүн башчысынын ишине айылдардын тургундарынын арасында да нааразылыктар болуп келген.
Айыл өкмөтүнүн башчысына нааразы болгон айылдык кеңештин депутаттары быйылкы жылдын бюджетин май айынын акырына чейин кабыл алышпаган. Май айында Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Эрмекбай Омошев айылдык кеңештин депутаттары менен жолугушуп, айыл өкмөтүнүн башчысын алмаштырууга макул болгон. Жаңы жетекчи катары мурда Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп бир нече ирет иштеген, пенсионер Шералы Кудайбердиев сунуштала турганы ачыкка чыккан. Бирок, бул сунуш айылдык кеңештин депутаттарына жаккан эмес. Айрым депутаттар буга ачык эле нааразы экенин билдиришкен жана Атабеков айыл өкмөтүнүн башчылыгына 30 миң калкы бар ушул аймактан да жакшы кадрлар табыларын айтышкан.
Айрым депутаттардын билдиришинче, райондук жетекчилик айылдык кеңештин айрым депутаттары менен сүйлөшүүлөргө барган. Анда депутаттар район тараптан сунуш кылынган талапкерди колдоп берише турган болсо, анда иштеп жаткан айыл өкмөтүнүн башчысы өз каалоосу менен арызын жазып кетүүгө макул болот. Буга депутаттар макул болушкан жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Шералиев май айынын акырында арызын жазып, кызматтан кеткен. Аны райондун жетекчилиги райондук агрардык департаменттин башчысынын орун басарлыгына алып барган.
Бирок, андан кийинки иштер райондун жетекчилигинин ойлогонундай болбоду. Өкмөт башчылыгына көрсөтүлүп жаткан Ш. Кудайбердиевди айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат ордуна убактылуу дайындап туруу аракети таш каап, аны депутаттар кабыл алышкан жок. Азыркы учурда айыл өкмөтүнүн башчысынынмилдетин айыл өкмөтүнүнжооптуу катчысы убактылуу аткарып жатат.
Алынган маалыматтарга караганда, азыр айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлер саны бешке жетип, анын ичинен экөөсү айылдык кеңештин депутаттары эсептелет. Айрым атын атагысы келбеген депутаттар район тарабынан бир талапкерди өткөрүү аракети болуп жатканын, райондук ар кайсы кызматтардан депутаттарга сунуштар, өтүнүчтөр, көрсөтмөлөр да келип жатканы тууралуу айтышууда. Анткени депутаттар ар кайсы тармактарда иштешет жана алардын райондук, областтык, тармактык жетекчилиги тарабынан административдик ресурстарды колдонуу мүмкүндүгү бар.
Кээ бир депутаттар Сузак районунун акими Э. Омошев райондогу тоо тараптан орун алган жогорку зонасынан болорлугун, ал эми ал сунуш кылып жаткан талапкер Ш. Кудайбердиев да жогорку зонадан экенин айтышууда. Бул жерде аймактык кызыкчылыктар байкалып жатат, мунун өзү жаңжалга алып келиши толук ыктымал деген пикирлер да айтылууда.
Эскерте кетсек, Кыргызстандагы эң ири аймактардын бири болгон Сузак районунда болжол менен 270 миңден ашуун киши жашайт жана 13 айыл өкмөтүнөн, бир шаар башкармалыгынан турат. Илгерки союз учурунан бери эле райондо жогорку жана төмөнкү зона боюнча тымызын аймактык бөлүнүү, атаандашуу болуп келген. Мындай атаандашуу айрыкча тигил же бул кызматтарга, ишканаларга жетекчи дайындоо маалында, шайлоолор учурунда ачык байкалып турган.
Эми айыл өкмөтүнүнбашчысын шайлоо кандай өтөрүн жана кандай жыйынтык болорунубакыт көрсөтөт. Ал шайлоо мыйзамдарынын так сакталышынан жана жергиликтүү саясий оюнчулардын жүрүм-турумунан көз каранды болот.
Ал эми Атабеков айылдык кеңешинде 31 депутат бар, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлануу үчүн кеминде депутаттардын 16 добушун алуу зарыл.