Сузак районундагы “Жыл мугалими – 2019” сынагынын жеңүүчүсүнө Түркиянын Анталия шаарына эс алууга бир жумалык жолдомо ыйгарылды. Бул тууралуу аталган сынактын жеңүүчүсү Айгүл Жусупова билдирди.
Үстүбүздөгү жылы Сузак районунда өткөн мугалимдердин арасындагы сынакта баш байгени жеңип алган мугалим үчүн Анталияга бир жумалык эс алуу жолдомосу коюлган. Мындай мотивациялык саамалыкты “Сузак коому” коомдук бирикмеси каржылаган.
Бул сынакта райондогу №6 Токтосун Темирбаев мектебинин башталгыч класстардын мугалими жеңишке жетишкен.
-Мектепте он жылдан ашуун иштеп, райондук деңгээлдеги сынакта мындай стимул берилет деп күтпөдүм эле. Биринчи жолу чет өлкөгө чыктым, Түркияда эс алып келгеним, башка жаш мугалимдерге да шык берди окшойт, — дейт Айгүл Жусупова.