Октябрь айынын жарымынан баштап Бишкек-Ош унаа жол трассасындагы Кыргызстандын булуң-бурчуна белгилүү Сузак айлампасында мамлекеттик туу желбирей баштайт. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн областтагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала белгиенгендей 15-октябрь күнү Сузак айлампасында атайын орнотулган флагштокко Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу илинип, обого көтөрүлөт. Флагштокту орнотуу иштери мындан бир ай мурда башталган, пайдубалы бетондон куюлуп, жакында эле темирден жасалган флагшток алынып келинген.
Белгилүү болгондой, флагштоктун бийиктиги 45 метр болот, ага узун-туурасы 10-15 метр келген мамлекеттик туу илинет. Бул долбоордун ишке ашырылышына Бишкектеги “KG ГРУПП” компаниясы жана ушул эле аталыштагы коомдук фонд тарабынан каржы көмөгү көрсөтүлүп, бүткөрүлүп да жатат. Бул долбоордун жалпы наркы 44 миң доллардан ашуун экени айтылууда.
Эске ала турган нерсе, флагштоктун пайдубалына кыргыз элинин 19-кылымдагы чыгаан эл башкаруучусу Курманжан датканын, мурдагы мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун, совет мезгилиндеги мамлекеттик жана коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун, залкар акын Барпы Алыкуловдун элестери түшүрүлөт.
Ал эми ушул айлампанын жанында Кыргызстанга белгилүү “Курманбек – кылымдар мурасы” дарбазасы жайгашкан. Анда кыргыз элин сырткы жоодон коргогон айтылуу Курманбек баатырдын эстелиги орнотулган.