Сулайман Узаков – кыргыз спортунун чебери, улуттук күрөш боюнча республиканын бир нече жолку чемпиону, спорттун ардагери. Ал 1956-жылы Сузак районундагы Кара-Дарыя айылында туулган. Айтылуу Ибрагим Узаков (“Тапанча” балбан) баштаган улуттук күрөш жаатындагы Узаковдор династиясынан. С. Узаков 1973-жылы айылдагы “Кызыл Жылдыз” (азыркы М. Маткеримов атындагы) орто мектепти бүтүрүп, кийин Жалал-Абаддагы кооперативдик техникумун, Карагандыдагы кооперативдик институтту аяктаган. Соода тармагында көп жыл иштеген. Азыркы учурда ардактуу эс алууда.
Бир кезде Кара-Дарыя айылынан атактуу балбандар чыгып, өлкөдөгү улуттук күрөш боюнча алдыңкылыкты колдон бербей келишкен. Ошондуктан да “Кара-Дарыя – балбандар өлкөсү” деп коюшчу. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул айылдын балбандары эл аралык аренага чыга албай, артта калып келишет. Деги эле улуттук күрөштү пропагандалоо жагы да тынчсызданууну жаратууда. Буга эмне себеп? Канткенде алетте улуттук күрөштү өнүктүрсө болот? Буга карата кимдер аракет жасашы керек? Ушул жаатта С. Узаковго бир нече суроолор менен кайрылдык.
* * *
-Сулайман аке, бул кыргыздын улуттук күрөшү (белбоо күрөш) биздин азыркы жашообуз үчүн канчалык маанилүү? Деги эле спорттун бул түрүн жайылтуунун кереги барбы? Же унутулуп кала бериши керекпи?
-Бул менин көңүлүмдү көптөн бери өйүп келаткан маселе боюнча суроолор берилип жатат да. Улуттук күрөш бизге атамзамандан келаткан нерсе, кала берсе бул – улуттук баалуулугубуз. “Манас” эпосунда деле айтылып келе жатпайбы, Бокмурун атасына аш бергендеги Кошой менен Жолойдун күрөшүн ким билбейт. Илгерки замандан бери биздин жашоону коштоп келаткан нарк эсептелет. Ошондуктан массалык спорттун бул түрүн биз жашообуздан жоготуп албашыбыз керек. Аны айылдарда, айрыкча жаштар арасында кеңири жайылтышыбыз ылаазым. Ал жаштарыбыздын ден соолугуна гана эмес, адамдык сапаттарына да керек нерсе. Тилекке каршы, кийинки кездерде улуттук күрөш жашообуздан акырындык менен четтеп бараткансыйт, мурдагыдай эмес. Албетте, буга жол койбойш керек, аны жайылта берүүбүз зарыл.
-Мурдагыдай болбой жатат, жашообуздан улам четтеп жатат дедиңиз. Кандай, мурда кандай болчу да, азыр кандай?
-Илгери союз мезгилинде, эгемендиктин алгачкы жыдарында деле улуттук күрөшкө болгон элдин кызыгуусу, балбандардын эл алдында тандалып чыгышы жүрүп келди. Айрыкча Кара-Суу, Ош, Ноокаттын “Сахаба” деген жеринде жыл сайын бир нече жолу улуттук күрөш боюнча чоң мелдештер өтөр эле. Ага Фергана өрөөнү, башкача айтканда, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан аймактарынан не бир атактуу балбандар келишер эле. Бул оюндарды эл ичинде “сайил” деп аташчу. Ошол сайилге ар кайсы аймактардан көргөнү көп эл келип, ортодо балбандар күч сынашкан. Муну мамлекет уюштурган эмес, аны балбандарды таптаган машыктыруучулар, эл бийлеген аксакалдар, элдик лидерлер эле уюштурчу. Анан ошол сайилде жеңип чыккан балбандар тууралуу эл ичинде аңыз кептер айтылып, жаштардын кызыгуусун пайда кылган. Жаштар да улуттук күрөшкө кызыгып, балбандар эстафетасы улана берген. Тилекке каршы, азыр мындай сайилдер болбой калды. Балким мамлекеттер арасындагы чек аралардын жабыктыгы таасир бердиби же башка олутту себептер барбы, айтор токтоп калды. Ошол себептүү улуттук күрөш биздин жашоодон улам четтеп баратат деп атам да. Анан башка да себептери бар.
-Ал кандай башка себептер? Ошол тууралуу тагыраак айтып берсеңиз.
-Мисалы, биздин Кара-Дарыя айылын эле алалы. Мурдатан уулга сүннөт той өткөрүү салты ар бир үй-бүлөдө болуп келген. Ошол сүннөт тойдо бир-эки күн улуттук күрөш уюштурулган. Той ээси катар-катар соорундарды (байгелерди) белгилеп, күрөш боло турганын туш-тарапка жар салышкан. Тойго ар жактан балбандар келишип, элдин жарпы жазыла турган чоң мелдештер өтүп келген. Балбандарды, жеңишке жеткендерди эл сыйлап, ак батасын берип, эл алдына алып чыгыша турган. Аны көргөн жаш балдар да кызыгышып, кийинки тойлорго даярданышып, машыгышып, анан кезеги келгенде мелдешке катышышчу. Ушул нерсе дайыма болуп келген. Жаш балдар көзгө көрүнүп калган атактуу балбандарга шакирт түшүп, сабак алышкан. Эми азыр тойлор башкача өтүп калды, эл кафелерде той жеп, күрөш мелдеши уюштурулбай жатат. Мына ушул нерсе да бизге терс таасирин берди. Болбосо биздин айылыбызда маале-маале болуп, атаандашып күрөшмөй салты бекем болчу. Сыртка чыкканда бардык балбандар бир команда болуп, байгени башкаларга беришчү эмес.
-Эми Кара-Дарыя айылына келсек, бул айылдан кандай балбандар чыгышкан? Алардын атагы канчалык?
-Биздин айыл чынында эле улуттук күрөштүн мекени сыяктанып турчу. Тээ илгертен эле күчтүү балбандар чыгып, айылыбыздын атын ар кайсы жактарга таркатып келишти. Мен билгенден алгачкылардын болуп Гулям балбан, Махам балбан, Турсунбай балбан, Манап балбан, Абдилла балбан сыяктуу кыйындар чыгышып, айылдын намысын коргоп жүрүшкөн. Булар атактуу балбандар эле. Кийин Ибрагим Узаков (“Тапанча” балбан), Жаныш балбан, Ибайдилла балбан (“Жыгач” балбан), Кенже балбан, Кочкор балбан, Апсамат балбан, Сарыбай балбан, Баяман балбан Эркинбаев, Тагай балбан, Таалай балбан, Талып балбан сыяктуулар чыгышкан. Булар Кара-Дарыя айылынын даңкын чыгарган күчтүү балбандар болушту. “Тапанча” балбан улуттук күрөш боюнча Орто Азиянын бир нече жолку, республикасынын ондогон жолку чемпиону болду. Баяман Эркинбаев тууралуу кыргыз эли, кошуна өлкөлөрдө жакшы билишкен. Булар менен эл сыймыктанчу, эл баалап турчу.
Андан кийинки муундан Нурбек, Сапар, Чыңгыз Акановдор, Элдияр Сексенбаев, Балбай Жакыпов сыяктуу жаштар чыгышты. Мындан Нурбек Аканов республиканын гана эмес, Азиянын да чемпиону болуп, атагы тарады. Булар менен эл сыймыктанды, алар элдин намысын көтөрүштү. Кара-Дарыялык балбандар мурдатан эле мелдештерде, сайилдарда баарын жеңип, байгени колдон чыгарбай келишти, айылдын даңкын чыгарышты. Республикада же Орто Азияда гана эмес, эл аралык, дүйнөлүк деңгээлде чыгып турушту. Муну менен кантип сыймыктанбай коё аласың. Биз атаган балбандар чынында эле элдик, улуттук спортко көп кызмат кылып, салым кошкондор.
Бирок, тилекке каршы, булардан кийинки муун анчалык көзгө көрүнбөй жатат. Эл аралык мелдештерге карата тандоо турнилеринде биздин айылдын балбандары жеңилип, эл аралык мелдештерге барбай калышууда. Жакында эле Азия оюндарына тандоо болуп, айылыбыздын балбандары өтпөй калышыптыр. Жакында көчмөндөр оюндары болмокчу, буга да өтпөй калышууда. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе. Азыркы тапта улуттук күрөш жагынан кечээ эле даңкы чыгып турган Кара-Дарыя кризисте турат. Эми мындан чыгып кетүүнүн, жаңы, күчтүү балбандарды чыгаруунун жолун издешибиз керек.
-Улуттук күрөштү жайылтуу, өнүктүрүүнүн кандай жолдору болушу мүмкүн? Деги эле муну ким колго алышы керек? Колго алынып кетет деп ойлойсузбу?
-Азыр таптакыр эле улуттук күрөш оюну калып кетип жатат деп айтууга да болбойт, бирок мурдагы деңгээлде эмес. Муну жогоруда айттым го, себептери да болуп жатпайбы. Бизде бир-эки спорттук залдарыбыз бар, ал жерде машыгышса болот. Бирок, ал жетиштүү эмес, зал болсо эле спорттун ушул түрү өзүнөн-өзү өнүгүп кетпейт. Мисалы, илгери спорттук зал деле болгон эмес, бирок улуттук күрөш дүркүрөп турбадыбы. Эми азыр зал бар, бирок өсүү жок. Эң негизгиси – жаштарга өрнөк болчу атмосфера, шык берип турган шарттар керек. Мисалы, илгери айылдарда балбандар бааланчу, жаштар да ошолордой болууну самап турушкан. Мелдештер, сайилдар тез-тез уюштурулуп, жалпы элдин кызыгуусу күчтүү эле. Азыр ошонун бири да жок. Демек, биз жаштарга шык, өрнөк бере турган шарттарды жаратышыбыз керек.
-Ошол кандай шарттар болушу мүмкүн? Кимдер аракет кылышы керек? Кантип аракет кылышы керек? Кеп ошондо болуп жатпайбы.
-Туура, бирөөлөр аракет кылышы керек. Мисалы, азыр Кара-Дарыяда бул жагынан абал жакшы эмес болгону менен Аксы тарапта улуттук күрөш жагынан алдыга озуу болуп жатат. Ал жакта мелдештер уюштурулуп, демөөрчүлөр олчойгон байгелерди сайышып, жаштардын кызыгуусун арттырып жатышат. Ошону менен ал жакта улуттук күрөш өсүп, жайылып жатат. Кайсы мелдеш болбосун, Аксы тараптын балбандары жеңип, байгени алып жатышат. Бул эми бир мисал, ошондой демөөрчүлөр, уюштуруучулар чыгышса, бул да жакшы шарт болуп калат. Тилекке каршы, бардык жерде андай эмес, демөөрчүлөр чыга беришпейт. Илгери биз бир болбогон эле соорунга чыгып, күрөшө бергенбиз, азыр заман башка.
Экинчиден, илгерки балбандардын атын чыгарып, жаштарга жеткирип, алардын канчалык атактуу болгонун билдирип, даңктап турушкан, эми ушул жагынан да иштешибиз керек. Себеби азыркы жаштар биз жогоруда санаган балбандарды билишпейт деле. Ошолордун атагы, жеңиши тууралуу билишсе, өрнөк алышса, дитин коюшса, албетте, жакшы балбандар чыгат. Ошону үчүн улуттук күрөштүн эң бир чыгаандары тууралуу маалыматтарды кеңири таркатуу зарыл. Пропагандалоо керек, албетте.
Ошол эле кезде улуттук күрөш боюнча жер-жерлерде мезгил-мезгили менен дайыма өтүп турган мелдештерди уюштуруу керек. Илгерки сайилди жаңы, заманбап формада калыптандыруу керек. Мисалы, Арстанбапта жыл сайын ушундай мелдеш уюштурулуп келе жаткан, акыркы кезде дайыны билинбей калды. Ошол Арстанбапта уюштурулган мелдештер элди абдан кызыктырган, жаштардын көңүлүн бурган. Ушундай мелдештерди тез-тез өткөрүп турсак болмок. Мисалы, улуттук күрөш боюнча Кыргызстанда “Тапанча” балбандай атактуулар аз. Ошол киши улуттук спортко да көп салым кошту, кызмат кылды. Артында көп шакирттерин тарбиялады. Ошонун атындагы жыл сайын өтүүчү мелдештерди эч болбосо облус, район-аралык мааниде уюштуруп койсо болот да. Муну жергиликтүү бийликтер, спорт тармагы эске алышар деп үмүттөнөбүз. Албетте, айрым жаштар аймактарда ушундай мелдештерди уюштуралы деп аракет кылышканын билем, бирок бардык иштин өз тоскоолдугу бар экен, азырынча алардын максаты ишке аша элек. Эми болуп калар.
Айтаарым, демөөрчүлөр жана уюштуруучулар керек. Эгер айрым жайларга эл отуруп көрө турган күрөш өтүүчү ареналарды курсак, эң сонун болмок. Эл футболго киргендей эле кирип, оюнду көрө беришмек. Каржысынын бир жагы деле ошентип чечилип калмак. Эми муну бийликтер, спорт тармагынын бийлери, демөөрчүлөр ишке ашырышы ылаазым да. Эгер ушундай шарттар болсо, улуттук күрөш сөз жок өнүгө берет. Мен буга ишенем.
-Азыр бизде “Алыш” фередациясы бар эмеспи, балким ошол багытта да деле өнүктүрүп кетсе болот го. Деги эле бул федерациянын улуттук күрөштү өнүктүрүүгө салымы болуп жатабы?
-Албетте, бул федерациянын кызматы көп болуп жатат, өнүктүрө алат. Улуттук белбоо күрөшү менен алыш күрөшүнүн ортосунда эрежелери боюнча дээрлик айырмачылык деле жок. Алыш менен алек болгондор белбоо күрөшүнө да түшө алышат, белбоо күрөшүндөгүлөр беймарал алышка түшө беришет. Айырма, тоскоолдук жок. Ошол жагынан бул федерациянын аракети улуттук күрөштүн өсүшүнө кызмат кыла алат. Кептин баары, эл арасында, жаштар арасында расмий, элдик мелдештерди уюштурууну колго алууда турат. Канчалык мелдештер, байгелер болсо, күрөш оюну ошончолук популярдуу болот, кеңири таркай берет. Муну жергиликтүү бийликтер менен спорт тармагынын жетекчилери эле чече турган маселелер деп эсептейм. Албетте, биз – спорт ардагерлери да кол кабыш кылганга даярбыз.
-Эгер ушундай шарттар болсо, бизден жаңы “Тапанча” балбан, “Жыгач” балбан жана башка атактуу балбандар чыгат деп ишенсе болобу?
-Бир нерсени эске алуу керек да. Мурдагы балбандардын адеби, жүрүм-туруму башкача эле. Алар туура эмес кадамга, аракетке барышпайт эле. Өздөрүн дайыма олуттуу кармашып, жеңил ойго жетеленишпеген. Эл ичинде балбан катары эле эмес, адам катары да урматка ээ болушкан. Азыр болсо, жаштар балбан болуп, бир-эки мелдеште жеңип чыгышса эле өздөрүн башкача сезишип, же болбосо туура эмес иштерге аралашып, кылмыш дүйнөсүнө жакындап дегендей, эл ичинде аброй топтой албай калышууда. Мындай жол менен атактуу, эл сүйгөн балбан боло албайсың. Албетте, жаштардын жакшы машыктыруучусу, акыл айтып турган, жолго салган насаатчысы болушу да абзел. Ошондо баары жакшы болот.
Мен ишенем, Кара-Дарыядан илгертен эле атактуу балбандар чыгып келген, аброй алып келишкен. “Аккан арыктан суу агат” дешет, дагы эле болсо жаңы балбандар чыгып, айылдын атагын дүйнөгө таанытышат деген ойдомун. Албетте, биз да буга аракетибизди жумшайбыз.
Жалил САПАРОВ, журналист.