Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын кызматкерлери VB.KG сайтына кайрылышып, шаарда жүрүп жаткан жол реконструкциясынан улам шаар мэрин балдардын коопсуздугуна көңүл бурушу керектигин билдиришкен. Бул тууралуу аталган сайт 30-августта жазып чыкты.
Анда билдирилгендей, оорукананын жанындагы көчө, башкача айтканда, Пушкин көчөсү апрель айынан бери реконструкцияланып жатат. Көчөдө иштеп жаткан жумугшчулар деле көрүнбөйт, жумуш өтө кашаңдык менен жүрүп жатат. Ошол эле кезде бул көчөнүн боюнда мектептер, балдар бакчалары, башка да көптөгөн ишканалар жайгашкан. Тротуарлар казылып, жол кеңейтилип жатканына байланыштуу миңдеген балдардын көчөдө жүрүшү, жолду кесип өтүшү да өтө кооптуу болуп калды. Себеби Пушкин көчөсүндө унаанын агымы өтө көп. Анан калса, светофор да орнотулган эмес.
Ошондуктан, шаардыктар шаар мэри Мураталы Тагаев буга тезинен көңүл бурушу керек деп эсептешет. Бирок, шаар мэри балдардын коопсуздугуна эмес, бир туугандарын кызматтарга дайындоого көп көңүл буруп жатканы тууралуу Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде көп айтылып жатат.