Эмне үчүн эл арасында “Өрт өчүрүүчүлөр суусу жок келишиптир” деген кептер айтылып келет? Өрт өчүрүүчүлөр чынында эле сууну унутуп коюшабы? Ошондой эле, жакында Жалал-Абад шаарында үлкөн өрт кырсыгы жүз берип, аны өчүрүүдө атайын техникалардын алсыздыгы далилденди. Чындыгында аймактардагы өрткө каршы кызматтары акыркы жолу он жыл мурда атайын унааларды алган. Буга чейин базарларда катарынан чыккан өрт кырсыктары, эми өнөр-жай тармагындагы кырсык “Өрт коопсуздук талаптары сакталбайбы? — деген суроону жаратты. Тилсиз жоо менен күрөшүүнүн тегерегиндеги көйгөйлөр тууралуу суроолорго Жалал-Абад областтык өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык куткаруу иштеринин бөлүм башчысы Чынарбек Шакенов жооп берди.
-Жалал-Абад шаардык өрткө каршы кызматында канча унаа бар жана алардын мүмкүнчүлүгү канчалык деңгээлде?
-Күжүрмөн даярдыкта 3 техника турат. Алардын бири АЦ Зил -1-130 деп айтылат. Бул эски союз мезгилинде чыккан унаа, суунун сыйымдуулугу 2 тонна 250 литр, ал эми насосу секундасына 40 литр суу бергенге жөндөмдүү. Экөө 2009-жылы берилген, 4 тонна суу батат. Жаңы, 2008-жылы чыгарылган унаалар болгон. Мындан тышкары, дагы бир 2 тонналык унаа, атайын автошаты, куткаруу унаасы бар. Ооба, чындыгында 7 тонналык же андан чоң көлөмдөгү суу баткан унаалар азырынча жок. Бирок, министрлик Орусия менен сүйлөшүп, жаңы унааларды алуу үстүндө иштеп жатат. Ошондой эле, Жалал-Абад областтык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы шаарда курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө байланыштуу жаңы автошаты алууну пландаштырганбыз.
-Жалал-Абад шаарындагы калкты жана аймактарын, андагы өнөр-жай объектилерин эске алганда канча техника болушу керек болчу?
—Атайын нормативдик актыларда бир өрткө каршы күрөшүү бөлүмчөсү 3-5 чакырымга чейинки аймакты тейлеши керек деп жазылган. Ошондо өзүңүздөр элестетип көрүңүздөр, област аймагында дагы канча өрткө каршы бөлүмчөлөр ачылышы керек болот. Ошого карабастан биз жыл сайын керектүү иштерди алып барабыз. Өрт кырсыгы көп ктталган аймактарда жаңы бөлүмдөрдү ачуу үстүндө иштеп келебиз. Мисалга алсак, жакында Аксы районунун Үч-Коргон айылында жаңы өрт өчүрүү кызматынын бөлүмү ачылуу алдында турат. Андан сырткары, эски бөлүмдөрдүн имараттарын оңдоп-түзөп, аларга жаңы техникаларды жеткирип берүү боюнча иш-пландар каралган. Жалал-Абад шаарында болсо, эки өрт өчүрүү бөлүмчөсү бар. Андан сырткары, ири өнөр-жай ишканаларынын өзүндө унаалары бар. Өрт чыккан кезде өз ара кызматташуу, кошумча күчтөрдү тартуу иштери жолго коюлган.
-Анда эң негизги көйгөй эмнеде болуп жатат?
-Жылдан-жылга техникаларыбыздын мүмкүнчүлүктөрү жакшырганы менен бизде суу көйгөйү бар. Жогоруда айтып өткөн унааларга баткан сууну катуу басым бергенде тез эле чачып бүтөбүз. Анан суу булактарын издөөгө туура келет. Же артка кайтып, суу толтуруп келиш керек. Мындайда эл арасында “суусу жок келип алышыптыр” деген ушак сөздөр чыгы кетет экен. Мисалы, Жалал-Абад шаарында Евразия Өнүктүрүү Банкы тарабынан суу түтүктөрү жаңыланып, анын алкагында жаңы 200дөй гидранттар орнотулду. Бул бизге чоң жардамын тийгизет.
-Сөз аягында Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү өчүрүү тууралуу кеп козгосок. Үлкөн кырсыкты жоюуда эмнеден кыйналдыңыздар?
-Эң негизгиси суудан кыйналдык, тактап айтканда, көбүк жеткирип берүү кыйынга турду. Кошумча күчтөрдөн пайдаландык, Ош шаарынан, Өзгөн районунан жардамга келишти. Тиешелүү бардык кызматтар жапатырмак аракет кылып, өрттү бөгөп, толук өчүрүүгө жетиштик. Айтаарым, өрттү өчүрүүгө эмес, алдын алууга жакшы көңүл бурулушу керек. Коопсуздук талаптары сакталып, кырсыкты болтурбоо аракеттери эң биринчи кезекте турганы абзел. Чындыгында базарларда, өнөр-жай объектилеринин өзүндө шарт боюнча гидранттар, техникалар болушу керек.
P.S Кошумчалай кетсек, базарларда жана өнөр-жай объектилеринде өрт коопсуздук талаптарынын сакталышын мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук кызматы көзөмөлдөйт. Акыркы ирет 2018-жылдын июнь айында Экономика минстрлигинин макулдашуусу менен пландуу текшерүүгө алынган. Анда Жалал-Абад шаарындагы бир катар өнөр-жай ишканаларында кемчиликтер байкалып, эскертүүлөр берилген. Анын ичинде эскертүү мөөнөтү бүткөндөн кийин коюлган талаптар аткарылбагандыктан, административдик жоопкерчиликке тартылгандары да болгон. Ал эми быйыл экотехинспекция кызматы тиешелүү таарптардан текшерүүгө уруксат сурап жатышат. Анткени өнөр-жай тармактарын текшерүүгө 2021-жылга чейин мараторий жарыяланган.
Роза АКМАТЖАН кызы.