Россиянын калкынын дээрлик жарымы өткөн жыл ичинде жашоо-турмушу төмөндөп кеткенин билдирди. Бул «Левада-центр» социологиялык кызматынын сурамжылоосунан улам белгилүү болгонун “Интерфакс” билдирген.
Сурамжылоонун жүрүшүндө катышуучулардын 13 пайызы жашоосунун жакшырганын билдирген. Ал эми 43 пайызы жашоо жакшырбаганын айтса, 35 пайызы жашоо кыйындаганына нааразы болгон. Ал эми сурамжылоого катышкандардын 51 пайызы эч кандай өзгөрүү болбогонун белгилешкен.
Ар бир онунчу россиялык жакшы иштеп табууга жакшы мүкүндүктөр болду десе, 42 пайызы муну менен макул эмес, ошончо эле респонденттер эч кандай өзгөрүү байкабаган болуп чыкты.
Изилдөө көрсөткөндөй, 46 пайыз россиялыктар ооруканалар менен поликлиникалардын иши начарлады десе, 14 пайызы жакшырды дейт, ал эми 37 пайызы эч кандай өзгөрүү болгон жок деп эсептешет.
Полиция менен укук коргоо органдарынын иши жакшы болду дегендер 14 пайызды түзсө, 24 пайызы начарлады деп, 47 пайызы эч кандай өзгөрүү байкаган эмес.
Социологдор байкагандай, суралгандардын 23 пайызы массалык маалымат каражаттарынын ишинде жакшы өзгөрүү бар дешет, 20 пайызы начарлады десе, 49 пайызы өзгөрүү жок деген ойдо.
Россиялыктардын 7 пайызы карапайым кишилердин мамлекеттик ишке таасири артты деп эсептейт. Бул жагынан абал начарлады дегендер 30 пайызды, эч өзгөрүү болгон жок дегендер 55 пайызды түзүшөт.
Россиялыктардын 24 пайызы жеке коопсуздугу боюнча абал начарлады дейт, 13 пайызы жакшырды десе, 59 пайызы өзгөрүү болбоду деп эсептетегендер.
Сурамжылоого ылайык, россиялыктардын 32 пайызы өткөн жылы өз пикирин эркин айтуу жагынан абал начарлады деп эсептейт. Бул чөйрөдө абал жакшырды дегендер 13 пайыз болсо, 50 пайызы өзгөрүү жок деп жыйынтык чыгарышкан.
Сурамжылоо 2019-жылдын 12-18-декабрь күндөрү өткөрүлүп, ага Россиянын 50 субъектиндеги, 137 калктуу пункттардагы 1608 киши катышкан.