Жылдын аягына чейин Россиядагы бардык унаага май куюучу бекеттердин саны үчтөн бир эсеге азайышы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Көз карандысыз отун союзу (НТС) билдиргени тууралуу “Известия” басылмасына шилтеме берип, lenta.ru жазып чыкты.
Мындай нерсе Россияда 1-октябрдан тарта күчүнө кирген мамлекеттик стандарттын (ГОСТ) нормаларына байланыштуу экени айтылууда. Ал нормаларга байланыштуу ар бир май куюучу бекет унаага майды толук куйбай коюуну болтурбоо үчүн атайын программалык камсыздоо ишин аткарышы абзел. Азырынча өлкөдөгү бир дагы май куюучу бекет ал программаны орнотуп, иштете элек. Буга көпчүлүк майда компаниялардын каржысы мүмкүндүк бербейт.
Адистердин айтымында, мындай нормалар сунуш иретинде киргизилгени менен аны аткарбай койгондорго айып пул салынышы турган кеп. Жаңы стандарттардын сакталышына, башкача айтканда, май куюучу бекеттерде күйүүчү майды толук куюуга көзөмөл-талап күчөйт. Нормаларды аткаруу үчүн атайын программалык камсыз кылуу жагын чечиш керек болот.
Росстандарт бардык май куюучу ишканаларга жаңы талаптарды жөнөтүп, аны аткарбай койгондорго айып пул өлчөмүн көбөйтүү жагын караштырууда. Айып пулдун өлчөмү 20дан 100 миң рублга чейин же жылдык кирешенин 1 пайызына туура келиши мүмкүн. Деген менен, Россиядагы 23 миң май куюучу бекеттердин 60 пайызы жеке менчик эсептелет.