Омскидеги прибор куруу илим-изилдөө инстутутунун адистери жакшыртылган техникалык мүнөздөмөсү бар күрөккө патент алышты. Бул тууралуу “СуперОмск” басылмасына шилтеме берүү менен lenta.ru жазып чыкты.
Адистер патенттеп алган бул күрөк иш убактысында күч-аракетти азыраак талап кылары маалым болду. Бул инновациялык күрөк бышыктыгы, жерди казуу учурунда адамга күч келтирбестиги менен айырмаланат. Ошондой эле бул күрөк казуу жана жыйноо иштерине да колдонула бергендиги менен универсалдуу мүнөзгө ээ. Анан да күрөктүн сабына карата темир тулкусу 10-15 градус ичкери ийилип туруусу жер казууну жеңилдетип, күрөктүн каптал кырлары бир аз көтөрүлүп тургандыктан күрөккө алынган топурак же шагыл төгүлүп кетпейт. Жерди терең казуу үчүн бутка күч келбесин деп, күрөктү бут менен баса турган үстүңкү кыры да атайын ыңгайлаштырылып жасалган. Журналисттер мындай күрөктү ойлоп тапкан адистердин бири аталган илимий-изилдөө институтунда 1960-жылдан бери иштеп келатканын кабарлашкан.
Күрөккө байланыштуу кабар ушуну менен эле чектелбейт. Мисалы, 2019-жылы Петербургдун губернатору Александр Беглов кар баскан көчөлөрдү күрөктүн жардамы менен эле тазалоо демилгесин көтөргөн. Шаар башчысы ар бир райондун башчысына “Бегловдун күрөгү” деген жазуусу бар күрөк бериш керек деген пикирди айткан. Ал эми өзү болсо, күрөктү дайыма машинасында алып жүрөрүн билдирген. Эгер зарылдык туулуп калса, дароо күрөй берүү үчүн.