Эки жылдан ашуун мезгилден бери, тактап айтканда, 2017-жылдан 2019-жылдын сентябрына чейин бийликтер тарабынан юридикалык жана экономикалык механизмдерди колдонуу менен россиялык журналисттерге каршы чабуулдар саны көбөйүп кетти. Бул тууралуу Justice for Journalists (“Журналисттер үчүн адилеттик”) фондусунун докладына шилтеме берүү менен “Новая газета” басылмасы жазып чыкты.
Аталган фонддун доклады быйыл 7-сентябрда, “Новая газетанын” баяндамачысы Анна Политковскаянын өлтүрүлгөндүгүнүн 13 жылдыгына карата жарыланган. Анда ММКлардын жана редакциялардын кесипкөй жана жарандык кызматкерлерине карата жасалган 435 чабуулдарга анализ берилген.
Изилдөөнүн авторлору россиялык журналисттерге карата коркунуч булактары бийлик өкүлдөрү тарабынан болуп жатканын белгилешкен. Жылдан жылга кармоолор, камакка алуулар, кылмыш же административдик иш козгоолор, тинтүүлөр, суракка алуулар, ошондой эле абакка алуу чечимдери азабай жатат. Докладда ММКларды кармоолор саны акыркы үч жылда үч эсе көбөйгөнү айтылат.
Мунун баары коомдогу нааразылык маанайынын артканы жана массалык акцияларды чагылдырган журналисттерге карата репрессиянын күчөгөнү менен түшүндүрүлөт. Иликтөөдө көрсөтүлгөндөй, негизинен кармоолор 2017-жылдын мартында, 2018-жылдын майында жана сентябрында, ошондой эле 2019-жылдын июлу менен августунда жүз берген. Атап айтканда, таза шайлоолор үчүн жана Москвада 27-июлда, 3- жана 10-августта өткөн “массалык башаламандыктар” жөнүндөгү иштин фигуранттарын бошотууга арналган митингдер убагында журналисттерди болжол менен 60 жолу кармашкан.
Докладдын авторлору белгилешкендей, 2017-2019-жылдары журналисттерге каршы жарыяланган физикалык чабуул учурлары 22 пайызга жана физикалык эмес (анын ичинде кибер) чабуул учурлары 48 пайызга өскөн. Изилдөөлөр аныктагандай, ушул мезгилдин ичинде ММКлардын кызматкерлерин өлтүрүүнүн 6 жана өлүмгө алып барган 3 чабуул учуру катталды. Анын ичинен Борбордук Африка республикасында өлтүрүлгөн Орхан Джемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченконун окуясы резонанстуу болуп, бирок расмий иликтөөлөр бул кылмыштын бетин ачышкан эмес жана күнөлүүлөр табылган жок. Ал эми журналисттик иликтөөлөрдүн маалыматтары такыр эске алынбай жатат.
Эскерте кетсек, Justice for Journalists фонду — Лондондо катталган некоммерциялык эмес уюм, ал 2018-жылы Михаил Ходорковский жана Леонид Навзлин тарабынан негизделген. Фонд ММК кызматкерлерине каршы кылмыштарды иликтөө үчүн гранттарды бөлүп берет.