Москва менен Петербург шаарларынын ортосунда иштей турган ылдам жүрүүчү магистрал жүргүнчүлөрдүн эсебинен өзүн актай албайт. Бул багыттагы поезд үчүн сатылуучу билеттин наркын “Сапсан” тез жүрүүчү поезддеринин билетинин наркына жеткирүү пландары ушундай ойлорго түртөт. Алынган маалыматка караганда, 2018-жылдагы баалар боюнча алганда ылдам жүрүүчү магистралдын билетинин орточо наркы 3416 сомду түзөт. Бирок, ал 1,5 триллион турган капиталдык чыгымдарды бир бөлүгүн да актабайт, эгерде билеттин наркын эки эсе көтөрсө да ал өзүн 50 жылда актамак.
Эскерте кетсек, быйыл апрель айында өлкө президенти Москва-Петербург ылдам жүрүүчү магистралдын курулушун жактырган. Ал эки калаанын ортосундагы аралыкта жүрүү убактысын 2 саат 10 минутага кыскартмак да жалпы наркы 1,5 триллион рублди түзмөк. Темир жол тармагынын жетекчилигинин билдиришинче, ушул жылы долбоорлоо иштери башталып, магистралды 2026-жылы ишке берүү көздө тутулууда. Мындан башка мурда дагы төрт багыт боюнча темир жол инфраструктурасын модернизациялоо каралган эле.
Москва-Петербург багыты башка багыттарга караганда келечектүүрөөк деп эсептелет, себеби жүргүнчү агымы улам өсүп турат деген ишеним бар. Бул багыттагы жүргүнчүлөр агымы 2018-жылы 13,4 пайызга өсүп, 15,75 миллион жүргүнчүнү түзгөн. Багыттагы кыймылды арттыруу үчүн тармак 2020-жылы “Сапсан” поезддеринин жаңы партиясын сатып алмакчы, ошондо Петербург багытында 16-18 жуп поезддер жүрө баштайт. Ал эми “Сапсанга” билеттин наркы “эконом+” классы боюнча 3,4 миң рубль болсо, бизнес класс үчүн 6 миң рублдан ашат.
Бирок, курулушка тартылган инвестиция эмненин эсебинен жабылары азырынча белгисиз. Айрым эксперттердин айтымында, билеттин наркы 6-6,5 миң рубль болгон кезде да жылына 10 миллион жүргүнчү каттаса, долбоор өзүн 70 жылдан ашуун убакта араң актай алат. Ошондуктан гранттык капитал жумшоо зарылдыгы келип чыгат.