Россияда көмүскөдөгү экономика ачыкка чыкпай ошол бойдон кала бергени оң, аны алып чыгуу экономиканын өнүгүшүнө тоскоолдук келтирет. РБК басылмасы жүргүзгөн сурамжылоодо адистер ушундай пикирлерди айтышкан.
Экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу деген сөз бейформал ишмердикти жөнгө салынган кадимки эле экономикалык жүргүртүүгө кошуу дегендикти билдирет. Натыйжада бейформал сектордогу иштеп жаткан кызматкерлер, бизнес казынага салыктарды төлөй башташат. Бирок, Экономикалык өнүгүү министрлигинин пикирине караганда, ал өз кезегинде калктын реалдуу кирешелеринин азайып кетишине алып келет.
Росстаттын билдиришинче, азыр Россиянын бейформал секторунда 15,25 миллион киши иштеп, ал экономика тармагында иштеп жаткандардын 20дан ашуун пайызын түзөт. Өткөн жылы көмүскө эмгек акы фонду 13 триллион рублди түзгөн, бул ички дүң продукциянын 12,6 пайызына туура келет. Бул көрсөткүч 2014-жылдагыдан азыраак, анда ички дүң продукциянын 13,8 пайызына барабар эле. Жалпысынан алганда көмүскө эмгек акы фонду жылдан жылга азаюуда.
“Ренессанс Капитал” инвестициялык компаниясынын Россия жана КМШ боюнча экономисти Софья Донецтин билдиришинче, бизнести көмүскөдөн алып чыгуу канчалык оң нерсе болгону менен сөзсүз түрдө экономикалык өсүүнү акырындатат. Анткени жаңы эрежелерге өтүү бизнестин жүрүшүнө тоскоолдук келтирип, жайлатат. Ал эми Эмгек жана социалдык мамилелер академиясынын проректору Александр Сафонов айткандай, Россиядагыдай ички дүң продукциянын өсүү темпи начар кырдаалда мамлекеттин пайдасы үчүн каражаттарды керектөө чөйрөсүнөн алып коюу керектөө чөйрөсүн алсыратат, демек өнүгүүгө кыйла зыян келтирет.
Росстаттын маалыматтарына караганда, Россияда ансыз деле калктын реалдуу кирешелери азайып барууда жана 2014-жылдан бери ал 8,3 пайызга төмөндөгөн. Быйылкы жылдын жыйынтыгы менен да реалдуу кирешелер өспөйт деген божомол бар.