Россия Федерациясынын саламаттыкты сактоо министри ВероникаСкворцованын айтымында, өлкөдөгү эркектердин өлүмүнүн башкы себеби – аракты шыңгыта ичүү. Бул тууралуу Lenta.ruжазып чыкты.
Министр айымдын белгилешинче, эмгекке жарамдуу эркектердин өлүмүнүн 70 пайызы жашоо образына же арак ичүүгө байланыштуу. Айрыкча аярлуу жаштагылар деп 50дөн 60 жашка чейинкилер кирет. Тактап айтканда, 55 жашка чейин жашаган россиялыктар орточо 79 жашка чейин жашап кете алышат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2017-жылы эркектердин өлүмүнүн базалык көрсөткүчү – 100 миң адамга 735 өлгөн адам туура келет. Эми кийинки беш жылда Россияда өлүм деңгээлин үчтөн бирге чейин азайтыш керек болууда. Ошондой болгон кезде да ушул багыттагы Россиянын көрсөткүчтөрү Евробиримдиктегиден кыйла жогору бойдон кала берет, башкача айтканда, Европада 100 миң кишиге эсептегенде 200-300 киши өлөт. Деген менен, Россиядагы бардык өлүм учурларынын 40 пайызын болтурбай калса болор эле, дейт министр айым.
Мурда Саламаттыкты сактоо министрлиги 21 жаштан ылдый курактагыларга курамында 16,5 пайыз этил спирти бар алкоголь ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап жатканы тууралуу айтылган эле. Ошондой эле акыркы үч жылда алкоголду ашыкча колдонуудан улам өлүмдүн саны эки миңге азайганы тууралуу да белгиленди.