Тула шаарынын думасынын депутаты Олег Погорелов үйдүн короосуна орнотулган кир жайгычтарды бир нече пенсонердин катышуусунда салтанаттуу ачты. Бул окуя тууралуу фото-сүрөттөр шаардык мыйзам чыгаруу жыйынынын расмий сайтында жарыяланганын интернет-сайттар жазып чыгышты.
Сүрөттөн депутат кир жайгыч үчүн орнотулган металл жабдыктарын боёп жатканы жана жанында улгайган үч аял турганын көрүүгө болот. Ал эми билдирүүдө ошол жердеги үйдүн тургандары жуулган кирлерди жайып кургатуу жагынан жардам берүүсүн өтүнүп, депутатка кайрылышканы айтылат. Депутат өтүнүчтү орундоо үчүн дароо ишке киришкен, анын буюртмасы менен кир жаюучу эки жабдык даярдалган.
Шаардык думанын басма сөз кызматы үй тургундары абдан ыраазы болушканын, ошондой эле депутат менен мындан ары да жемиштүү кызматташа тургандыктарын билдирген.
Көрсө россиялык чиновниктер менен саясатчылар мындай болбогон эле салтанаттарга биринчи жолу катышышпаптыр. Ушул эле октябрь айында Удмуртиянын Жувам кыштагында “оңдоп-түзөтүүдөн” өткөн жолдун ачылышын салтанат менен белгилешкен, бирок сүрөттө жолдун жаандан бузулуп, ылай болуп калганы көрүнөт. Ал эми сентябрь айында Коми Республикасындагы Айкино айылында балдар бакчасынын имаратына орнотулган терезелерди салтанатту ачышса, Башкортстандын Ардатов айылында автобус аялдамасын чоң салтанат менен кабыл алышкан.