Быйылкы жыл, анын ичинде Рамазан айы өзгөчө айлардан болуп, элибиздин эсинде кала турган болду. Себеби Рамазан айындагы 30 күндүн ар бири куну таажывирусуна (Covid-19) байланыштуу Кыргызстанда жана дээрлик бардык өлкөлөрдө өзгөчө кырдаал жана абал, карантинге туш келип, адаттагыдан башкача чектөөлөр менен коштолду. Кыргыз Республикасынын Президенти да Орозо Айт майрамына байланыштуу куттуктоо сөзүндө Covid-19 менен күрөшүүдө жана карантиндин шарттарын сактоодо кыргызстандыктарды тартип жана ынтымагы үчүн ыразычылыгын билдирди. Анткени Кыргызстандын калкынын көп басымдуу бөлүгү Ислам динин туткандыгы жана Рамазан айында көпчүлүк элдин Орозо кармашы тынчтыкты сактоого салымын кошо турган потенциал экенин көрсөттү. Бирок, ошол эле мезгилде таажывирустун Кыргызстанга келиши жана тездик менен жайылышы, мусулман зыяратчыларына жана дааватчыларына жугушу жана алардын айрымдарынын ооруп калышы коомчулук арасында тынсызданууларды жана кескин сын пикирлерди, карама-каршы ой-жорууларды пайда кылды.
Covid-19 жана зыяратчылар
Адегенде эле Соvid-19 тууралуу кыскача айтып кетели. Англис тилинде жазылган Covid-19 (кыргызча Ковид-19 деп окулат) Co — корона (таажы) дегенди түшүндүрөт, кыскартылып алынган, vi — вирус сөзүнөн кыстартылган жана d тамгасы – disease (оору) дегенди түшүндүрөт, ал эми 19 саны болсо, бул таажывирус 2019-жылында аныкталгандыгына байланыштуу ошол жылдык саны белгиленген. Бул таажывирусу биринчи жолу Кытай мамлекетинин Ухань шаарында катталган жана бул шаардан көптөгөн мамлекеттерге таркап, глобалдык масштабдагы пандемияга айланды.
Таң каларлыгы — Кыргызстанга биринчи жолу бул вирус Кытай-Кыргыз чек арасы аркылуу кирген жок. Бирок, Сауд Аравиясына Умра (кичи ажылык) зыяратына барып келгендер арасынан Жалал-Абад областынын Сузак районунун айылдарында катталды. Ошого байланыштуу кээ бир жарандарыбыз дароо эле Кыргызстан Мусулмандар Башкармасынын өкүлдөрүн буга жоопкерчиликти алышы керек деп күнөөлөй башташты. Бирок, бул жерде адилеттүүлүк үчүн айтып койуш керек, Умра зыяраты Хадждан (ажылык сапардан) айырмаланат жана ал Муфтият тарабынан жүргүзүлбөйт. Башкача айтканда, Кыргызстанда Умра туризм катары кабыл алынып, ал нерсеге монополия жок жана көптөгөн авиакомпаниялар уюштуруу иштерине катыша алат. Каалочулар Умрага каалаган компаниялар, туристтик агенттиктер аркылуу барып келе беришет.
Умрага барып келген зыяратчылар пандемия башталарын, бул вирус тез жайылып жатканын билбей кичи ажылык тойлорду өткөргөнгө үлгүрүп, кошуналарды жана туугандарын, өздөрүн да тобокелге салышты. Кантсе да Умрадан кайтып келе жаткан зыяратчылырдын кийинки топторун текшерүү күчөтүлүшү вирустун мындан ары таркалышын кескин азайты десек жаңылбаган болобуз.
Бирок маалыматтын жетишсиздигиненби же башка себептер мененби, айтор кээ бир зыяратчыларыбыз “биз тазабыз, эч жерибиз ооруган жок” деп, 14 күндүк обсервацияга жатуудан баш тартканга аракет кылышты. Деген менен, Covid-19дун аларга жана жакын туугандарына канчалык коркунунчтуу экендиги жөнүндө маалымат бергенден кийин гана алар да көрүлүп жаткан чараларды түшүнүү менен кабыл алышып, обсервация жана карантин эрежелерин сактай башташты.
Ал эми социалдык тармактын айрым колдонуучулары зыяратчыларга карата сын-пикирлерди жаадырышып, аларды түздөн-түз эле вирус таратуучулар катары күнөөлөп киришти, айрымдары аларды коргоп чыгышты. Ошонун кесепетинен социалдык тармактын колдонуучулары арасында эки ажырым пайда болду. Бирок, мезгил көрсөткөндөй башка мамлекеттерден келген жарандарыбыздын арасынанан да Covid-19 бар деп табылган учурлар катталып жатты.
Covid-19 жана дааватчылар
Кыргыз Республикасынын Конституциясы жарандардын дин тутуу жана практикалоо эркиндигин камсыз кылып, дааватчыларга да өзүнүн диний миссиясын мыйзамдын чегинде жүргүзүүгө мүмкүңдүк берет. Кыргызстан Мусулмандар Башкармалыгын (Муфтияттын) алдында да даават жүргүзүүнү жөнгө салуу боюнча атайын бөлүм иштейт. Дааватчылардын көпчүлүгү “Таблиги жамаат” уюмунун мүчөлөрү болгондуктан, алар кез-кези менен Пакистанга, Индияга, Бангладешке даават же жылдык жыйындарга,окууларга барып турушат.
“Эмне себептен дал ушул мамлекеттерге барып турушат?” деген суроого жоопту ал уюмдун тарыхынан ала алабыз. Бул уюм Улуу Британия Индияны колониялап турган кезде пайда болгон. Ал мезгилде Пакистан жана Бангладеш (алар кийинчерек, Индиядан Пакистан, Пакистандан Бангдадеш болунун оз алдынча мамлекет катары пайда болушкан) мамлекеттери дүйнөнүн саясий картасында пайда боло элек болчу. Жогоруда айтылган 3 аймактын баары Британ Индиясы катары белгилүү эле. Ошентип, бул уюм 1926- жылы жергиликтүү Ислам аалымы Мавлана Мухаммад Илиас тарабынан саясий эмес, тынчтык багытындагы диний кыймыл катары пайда болгон. Бул кыймылды ошол мезгилдеги бийлик текшерип, мамлекетке жана коомчулукка коркунуч туудурбайт деген тыянака келген жана бул уюмдун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан эмес. Тескерисинче, андан ары өзүнүн ишин уланта берүүгө уруксат беришкен.
Бул уюмдун жергиликтүү мүчөлөрү – дааватчылары Ислам динин тынчтык жолу менен көптөгөн мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда да даават (үгүттөө) жолу менен жайылтып келе жатышат. Быйылкы жылдын жаз айларында бул уюм Индияда, Малайзияда жана башка мамлекеттерде адаттагыдай эле өздөрүнүн эл аралык деңгээлдеги жыйындарын өткөрүшкөн, ал жыйындарга көптөгөн өлкөлөрдөн дааватчылар катышкан. Ошол жылдык эл аралык жыйындар аркылуу Covid-19 таркалып кетишине шарт түзүлгөн деп, Индия жана Пакистандагы көптөгөн массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ошол чогулуштардан кайтып келген кыргызстандык дааватчылардын арасынан да Covid-19 вирусу катталгандыгы жөнүндө жергиликтүү массалык маалымат каражаттары маалымдашты. Өз кезегинде бул фактылар коомчулукта дааватчыларга болгон терс маанайды жаратып, “Таблиги жамаат” уюмуна болгон антагонистик көз карашты дагы да күчөтүп жиберди.
Айтмакчы, бул уюм саясаттан алыс, жөн гана диний кыймыл болгонуна карабастан Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда экстремистик деп табылып, уюмдун ишмердүүлүгүнө көп жылдардан бери тыюу салынып келет. Бирок, Кыргызстан эгемендүү мамлекет жана өзүнүн экспертиза жана текшерүүлөрүнө таянып, бул уюмга тыюу салган эмес. Себеби бир дагы дааватчы экстремистик же зордук- зомбулук иштерине, же болбосо мамлекеттик түзүлүшкө каршы иштерге, окуяларга катышы же байланышы барлыгы далилдене элек. Тескерисинче, алар айыл жергесинде кээ бир жарандарды алкоголизмден же коомдук тартип бузуудан оолактатып, диндин негиздерин үйрөтүп жатышат. Муфтияттын Даават бөлүмү өзүнүн миссиясын эффективдүү аткаруу менен дааватчылардын потенциалын коомдук тынчтыкты сактоого пайдалана бергени жакшы.
Орозо мезгили, Covid-19 жана 2-чи толкуну
Ушул жылдын Рамазан айы өзгөчө болду, бул айдагы мусулмандардын жүрүм-турумуна көп өзгөрүүлөрдү алып келди. Мисалы, бул айда ар жума күнү өтүүчү жамааттык жума намазы, кечки таравих намаздары, 5 маал мечитте окулуучу намаздар, жамаат менен же туугандар менен өтүүчү ифтарлар (ооз ачуу), массалык Орозо Айт намазы таажывирустун таркалышына бөгөт коюу максатында токтотулду. Башкача айтканда, жарандар жеке үй-бүлөсү менен гана убакыт өткөрүп, социалдык изоляцияда калышты.
Албетте, Covid-19 пандемияга айлангандан кийин карантин чектөөлөрү глобалдуу масштабга өтүп, мусулмандар гана эмес, христиандар, еврейлер, буддистер, индустар дагы өздөрүнүн диний-массалык майрамдарын токтотуп, ыйык жайларга зыяратын да чектешти. Көптөгөн мечиттер, чиркөөлөр, синагогалар, храмдар бош калды. Азыркы мезгилде, саламаттыкты сактоо жана Covid-19 менен күрөшүү штабында жана чет өлкөдө да ушул таажывирустун жайылышынын 2-чи толкуну кайталанышы мүмкүндүгү жөнүндө эскертүүлөр айтылууда.
Ооба, бул нерсе негизинен атуулдардын коомдук жайларда өзүн кандай алып жүрүүсүнөн көз каранды. Эгерде атуулдар саламаттыкты сактоо адистеринин кеңештерин кабыл албай, өзүм билемдик менен коомдук жайларда коргонуучу маскаларды такпай, санитардык эрежелерди сактабай жүрүп, Covid-19 2-чи толкуну пайда болсо, анда кайрадан өзгөчө кырдаал, абал жана карантин чектөөлөрүн киргизүүгө муктаждык жаралат. Ошондуктан, бүтүндөй глобалдык коомчулук, анын ичинде биздин кыргыз коомчулугу бул маселеде жоопкерчиликти сезе билип, коомубуздун коопсуздугун жана ден-соолукту биринчи орунга коюшубуз абзел. Ушундай абалда Муфтият да өзүнүн ишин активдүү алып барууга убакыт жетти. Себеби алдыда Курман Айт майрамы июль айынын акыркы жумасында, Эгемендуулук күнү августун аягында болот. Муфтият жергиликтүү бейөкмөт уюмдару менен ушул багытта ишти күчөтсө болот.
Эркинбек КАМАЛОВ, Жалал-Абад шаары.
Бул материал жарым-жартылай АКШ өкмөтү каржылаган Бүтүрүүчүлѳрдүн КОВИД-19 Ыкчам Чара чакан гранттар программасынын каражатына даярдалган. Аталган Чакан гранттар программасы Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланып, Американын эл аралык билим берүү кеңештери (АКСЕЛС) аркылуу ишке ашырылат. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет жана Кыргыз Республикасы АКШ Элчилигинин же Американын эл аралык билим берүү кеңештеринин көз карашына дал келбеши мүмкүн.