Казакстандын ички рыногунда пияздын кору жетиштүү, таңкыстык жок. Ошого карабастан аймактарда пияздын баасы жогорулап жатканы байкалат. Деген менен, быйыл 1 миллион тонна пияз өндүрүлөрү да күтүлүп жатат. Бул тууралуу «АПК новости» сайты жазып чыкты.
Алынган маалыматтарга караганда, Казакстандын пиязга болгон бир айлык керектөөсү 26 миң тоннаны түзөт, июль айынын аягына карата 35 миң тонна пияз жыйналып алынган. Дегинкисинде, июнь айынан баштап эле Казакстанда эрте бышкан пияз жыйналып алынат жана анын жалпы түшүмүнүн көлөмү 90 миң тоннага жетери күтүлүүдө. Бирок, ошого карабастан акыркы кездерде пиязга болгон чектөөлөрдү киргизүү тууралуу да талкуу жүрдү.
Ал эми өлкөнүн айыл чарба министрлиги чектөөлөрдү киргизүүнү колдобой турганын билдирген. Анткени өлкөдө 90 миң тонна пиязды үч айдын ичинде керектеп бүтүп коюу кыйын нерсе. Тескерисинче, түшүм чирип кетип, керектөөчүгө толук жетпей калышы ыктымал. Июль айынын аягында бир катар областтардын акиматтары менен бирдикте пияз өндүрүүчүлөр жана аймактардын акиматтарынын ортосунда түз келишим түзүү иштери башталган.
Өлкөнүн айыл чарба министринин билдиришинче, сентябрь айынан баштап пияздын түшүмүн жыйноо иштери башталат. Жыл аягына чейин анын көлөмү 1 миллион тоннадан ашат деген божомол бар. Ошондуктан, пияздын көлөмү жетиштүү жана аны экспорттоону чектөө зарылдыгы жок.