Пентагондун мурдагы жетекчиси, же башкача айтканда, АКШнын экс-коргоо министри Жеймс Мэттис коомдук радикалдашуусу жана өзөктүк потенциялынын күчөп баратышы жагынан Пакистан дүйнөдөгү эң коркунучтуу өлкө болуп калганын айтты. Бул тууралуу Мэттистин жаңы чыккан «Позывной “Хаос”: учимся руководить» китебине шилтеме берүү менен «РИА Новости» агенттиги маалымат таркатты.
-Мен алектенген бардык өлкөлөрдүн ичинен Пакистанды эң бир коркунучтуу деп эсептеймин, — деп жазган ал 3-сентябрда сатууга чыккан китебинде.
Анын пикирине караганда, коомдун радикалдашып баратканын пакистандык аскер кызматчылары да моюнга алышат. Андан калса, Мэттис Пакистандын өзөктүк потенциалынын барган сайын күчөтүп бараткандыгын эске алып, куралдарга көзөмөлдүк жасоо жана аны таркатууну чектөө жагына көңүл буруу зарыл деп эсептейт.
Жеймс Мэттис АКШнын коргоону ведомствосун 2017-жылдын январынан 2018-жылдын 18-декабрына чейин жетектеп келген. Өзүнүн кызматтан кетүү тууралуу өтүнүчүнө себеп катары АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон өз ара түшүнбөөчүлүктү көрсөткөн.
Деген менен, быйылкы июль айында Пентагондун чалгындоо башкармалыгынын директору Роберт Эшли жакынкы келечекте АКШ үчүн өтө коркунучтуу өлкө Россия, узак мөөнөттүү келечекте Кытай болорун айткан эле.