Корея Элдик Демократиялык Республикасында (КЭДР, же Түндүк Корея) өлкө башчысына ашык “пахта койгон” фотограф кызматынан да, өзү мүчө болгон партиянын катарынан да куулду. Бул тууралуу Daily NK маалымат агенттиги билдирген.
Маалыматка караганда, КЭДРдин лидери Ким Чен Ындын жеке фотографы өлкө башчысынын “жогорку мартабалуу” аброюна зыян келтирген, башкача айтканда, ал түндүкореялык лидерди эки метр аралыктан сүрөткө тартып жатканда тулкусу менен аны аудиториядан тосуп калган. Ошентип, бекитилген эрежени одоно бузууга жол берген.
Ал эле эмес, фотограф түз эле Ким мырзанын алдына туруп алып, башкалардан тосуп, Ким Чен Ындын тулкусунун бир топ бөлүгү үч секундага залга көрүнбөй калган. Ошол эле учурда фотоаппараттын жарык бергичи (вспышка) да КЭДР лидерин оңтойсуз абалга койгон. Бийликтер муну атайылап жасалды жана зыян келтирди деп баалашты.
Мындай кокуй окуяны ар тараптуу иликтеп чыгышкан соң, 47 жаштагы фотографты 12-март күнү кызматтан айдашты. Ал Ким Чен Ынды жакында эле Ханойдо болуп өткөн АКШ – КЭДР саммитинде коштоп жүргөн болчу. Ошентип, жетекчисине жан-дили менен кызмат кылгандыгы жана берилгендиги үчүн фотограф талаада калды.