Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) билдиришинче, COVID-19 пандемиясынын күчөшү менен глобалдык масштабда кычкылтекке болгон мутаждык өсүп кетет. Муктаждыктын көлөмү күнүнө 620 миң кубометрди түзүшү ыктымал. Бул тууралуу ДССУнун башкы директору Тедрос Гейбрейесус Женевада пресс-конференция учурунда билдирген.
Анын айтымында, абалы оор жана өтө эле оор бейтаптардын дем алуусу начарлап, кандагы кычкылтектин деңгээли түшүп кетет. Анын кесепетинен кишинин органдары жана клеткалары тийиштүү азык ала албайт жана өз функциясын аткарбай калышат. Мындай учурда бейтапка кошумча жардам көрсөтүү өтө зарыл.
Медициналык кычкылтек абадан бөлүнүп алынуучу кычкылтек концентратынан өндүрүлөт. Азыркы учурда пандемиянын күч алышы менен көптөгөн өлкөлөрдө кычкылтек таңкыстыгы пайда болду, ал эми кычкылтек рыногунун 80 пайызын жеке менчик компаниялар ээлеп турушат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму абадан кычкылтек концентратын бөлүп алуучу 4 миң аппарат сатып алган. Аларды дүйнөнүн 120 өлкөсүнө жөнөтүү каралган. Андан сырткары, наркы 100 миллион доллар турган дагы 170 миң аппарат жарым жыл ичинде сатып алынмакчы. Ошондой эле ДССУ тамырдын кагышын жана кандагы кычкылтек деңгээлин өлчөөчү 9800 даана приборлорду сатып алган.
Тедрос Гейбрейесустун билдиришинче, COVID-19 илдетинин оор формасына чалдыккан көптөгөн бейтаптар кыйла жогорку концентрациядагы кычкылтекке муктаж болушат. Тилекке каршы, рыноктогу сатылып жаткан көптөгөн аппараттар мындай өлчөмдөгү концентраттуу кычкылтекти өндүрө алышпайт. ДССУ бул көйгөйдү жеңип чыгуу үчүн бир катар өлкөлөргө ушундай жабдыктарды сатып алууга жардамын бермекчи. Кептин баары мындай жабдыктарды иштете билген адистердин жетишсиздигинде. Эми ДССУ бул көйгөйдү да чечүүсү керек болот.