Өзбекстандан буудайдын жаңы сорттун алынып келди, алар мурда эгилип жүргөн буудайларга караганда эки эсе түшүмдүү болоору күтүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин күздүк айдап себүү иштери менен жеринде кабар алуусунда айтылды.
Ноокен районунун дыйкандары 3 жылдан бери коңшу Өзбекстандан буудайдын “Аср” жана Давр” үрөөнүн алып чыгуу аракетинде жүрүшкөн. Өзгөчөлүгү мурда эгилип келген буудайлар гектарына 35-40 центнерден түшүм берсе, бул гектарына 100-120 центнерден түшүм берет. Ноокендиктер азырынча гектарына 80 центнерден түшүм болот деп пландашууда.
Айдап себүү иштери менен таанышуу учурунда жергиликтүү дыйкандар “Буга чейин көбүнчө Краснодар уругу үрөн катары колдонулчу, ал жердин климаттык шарты менен биздин жердики дал келбей, ойдогудай түшүм бербей жаткан. Эми бул “Аср” жана “Давр” бизден 10 километр алыстыктагы коңшу өлкөдөн келип отурат. Алар менен биздин жер кыртышыбыз бирдей” деп билдиришти.
Кошумчалай кетсек, өлкө боюнча мындай ири түшүмдүү буудай түрү биринчи ирет Ноокен районунда эгилип жатат.
Жалал-Абад областы боюнча быйылкы жылы 12 миң 482 гектар кылкандуу дан эгиндерин, анын ичинен 12 миң 170 гектар буудай, 312 гектар арпа эгүү пландаштырылган.