Жалал-Абад областынын Ноокен райондук милициясы оор кылмыш ишинин бетин ачып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Айылдын 22 жашар тургуну жердешинин 7 жашар баласын уурдап, барымтага алуу менен акча талап кылгандыгы, эгер милицияга кабарласа баланы өлтүрөрүн айтып коркутуп, бирок ага чейин эле баланы өлтүрүп, талаага көмүп салгандыгы аныкталды.
Аныкталгандай, аталган райондун ишкерлик менен алектенген тургунуна 4-апрель күнү белгисиз адам телефон чалган. Анын уулу барымтада экенин кабарлап, бошотуу үчүн 120 миң доллар талап кылган. Эгер милицияга кабар берсе, баласын өлтүрөрүн да айткан. Райондук милициянын ыкчам тергөө тобу дароо териштирүүлөрдү баштап, шектүү катары ошол эле айылдын 22 жаштагы тургуну кармалган.
Иликтөө иштерин жүргүзгөн тергөө тобу бала уурдалгандан бир нече сааттан соң эле өлтүрүлгөндүгүн аныктады. Кылмышка шектүү жигит мурда ошол баланын атасынын колунда иштеп кеткен жана экөөнүн ортосунда аласа-бересе жагынан көйгөйлөрү болгон.
Жети жаштагы баланы өлтүрүүгө шектелип кармалган жигит өз көрсөтмөсүндө бул ишти өч алуу максатында жасагандыгын айткан. Күнөөсүн мойнуна алып, баланы көмгөн жерин да көрсөткөн.
Бул каргашалуу окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголду. Учурда криминалдык милиция кызматы тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.