Мындан он бир жыл мурда курулушу башталып, кийин каражат жоктугунан токтоп калган райондогу жалгыз спорт комплекси качан бүтөт? – дешет райондун тургундары.
Ноокен районуна караштуу Масы айыл аймагында мындан 2008-жылы эки кабаттуу спорт комплексинин курулушу башталган эле. Бирок, ошондон бери курулуш иштери бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек.
-Ноокен эли спортко аябай кызыгат. Мисалы, стадиондо жаш балдардан тарта, чоң аялдарга чейин чуркап, машыкканын көрчүмүн. Быйыл стадион жаңыланып жатат, аны менен бирге жанындагы спорт комплекси да бүтүп калса экен деп тиленип турабыз. Биздин айылдан да балбандар, чемпиондор чыкса деген үмүтүбүз чоң, – дейт айыл тургуну Чачты Бокошева.
Ал эми Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Эшенкулов имарат толук тургузулгандан кийин курулуш токтоп калгандыгын айтып, ага каражат жоктугу себеп болгонун айтат.
-Ортодо ар кандай себептер менен республикалык бюджеттен каржы түшпөй токтоп калган. Курулуштун жалпны наркы 61 миллион сомго бааланган, буга чейин 47 миллион сомдук жумуштар аткарылды. Азыр эми акыркы этаптагы аяктоочу жумуштарына дагы 13 миллион сом которулушу керек. Быйылкы жылга бүткөрүү пландалган, эгерде каражат которулса, курулушу бат эле бүтөт, — дейт ал.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад областында эл аралык талаптарга жооп берген бир гана спорт комплекси бар. Ал Жалал-Абад шаарында жайгашып, “Газпромдон-Балдарга” программасынын алкагында курулган.
Ошондой эле, област аймагында быйылкы жылдын 6 айынын ичинде эле 3 спорт залы, 2 футбол аянтчасы пайдаланууга берилген.
Ал эми жогоруда сөз болгон Ноокен районундагы спорт комплексин 2019-жылдын 31-августуна карата пайдаланууга берүү пландаштырылган.