Кайсы ишканалар токтоп турат?
Жалал-Абад областы – өлкөдөгү өнөр жайлык потенциалы күчтүү аймак, Кыргызстандын энергетикалык державасы, башка да өнөр жайлык мүмкүнчүлүктөрү зор. Бирок, ошого карабастан, бул тармакта айрым кемчил көрүнүштөр да жок эмес. Мисалы, област аймагындагы жалпы иш жүргүзүүнүн жыйынтыгын чыгарган областтык жетекчиликтин коллегиясынын жыйынында айрым өнөр жай ишканалары иштебей токтоп турганы айтылды.
Алынган маалыматка караганда, быйылкы 1-июлга карата областтын аймагында 2 өнөр жай ишканалары иштебей токтоп турган. Алардын бири — Тогуз-Торо районундагы “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун филиалы эсептелген “Макмалалтын” комбинаты. Анын өндүрүшүн жандандыруу үчүн инвестициялык конкурстун негизинде “Макмал Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коому уюшулгандыгына жана активдерин өткөрүп берүү иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу убактылуу токтоп турат.
Албетте, Тогуз-Торо районунун жалпы социалдык-экономикалык абалына таасир берүүчү бул ири өнөр жай ишканасынын алгылыктуу иштеп, бюджетке үлкөн кирешелерди беришине буга чейинки түзүлгөн коомдук кырдаал да таасир этпей койгон жок. Өткөн жылы жергиликтүү калктын нааразылыгы менен башаламандыктар уюштурулуп, кыйла зыяндар келип чыкты.
Ошондой эле Чаткал районундагы алтын концентратын өндүрүүчү ишкана эсептелген «Эвентус» жоопкерчилиги чектелген коому да ушундай абалда турат. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө ал Чаткал районунун аймагындагы ишин убактылуу токтотуп, Ала-Бука районунун аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Ошол себептүү өндүрүштүк иш-аракеттер жыйынтыгын бере элек.
Бул жерде да айта кетүүчү нерсе, Чаткал жана Ала-Бука аймактарындагы тоо-кен багытында өндүрүштүк иштерин алып барган компаниялар менен жергиликтүү калктын ортосундагы өз ара түшүнбөстүктөр, социалдык көпүрөлөрдүн жакшы иштебей жатышы, жергиликтүү аймактардын социалдык жана инфратүзүмдүк кырдаалы жакшырбай атканы айрым нааразылыктардын келип чыгышына өбөлгө түзүп жатат. Мунун өзү жалпы аймактын социалдык-экономикалык абалына зыянын тийгизет.
Област аймагындагы өнөр жай тармагында бюджетке киреше берип, ишин жөндөп алып барган ишканалар негизинен тоо-кен жана энергетика багытында иштеп жатышат. Андан тышкары, нефть жана газ багытында аракеттер бар. Бирок, ошол эле кезде жергиликтүү аймактардын бюджетин түзүүчү, жергиликтүү чийки заттардан даяр продукция чыгарып, аны рынокко таркаткан, экспортко чыгарган ишенимдүү ишканалар жокко эсе. Мисалы, Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөрдү (кремний) чыгаруучу завод союз учурунан бери эле курулуп, ишке берилбей кала берди. Ал эми чет элдик инвестиция менен курулуп жаткан ферросплав өндүрүүчү заводдун курулушу токтоп калды.
Жалпы абал кандай?
Деген менен, област аймагында өнөр жай өндүрушүнүн абалы жаман эмес. Өндүрүштүк көрсөткүчтөр өткөн жылга салыштырмалуу өсүү багытында. Мисалы, быйылкы жарым жылда район-шаарлар боюнча алгандагы продукция өндүрүүнүн физикалык көлөмүнүн индекси бир катар аймактарда өскөн. Мисалы, Ала-Бука районунда 100,8 пайызга, Базар-Коргондо 113,3 пайызга, Ноокенде 111,3 пайызга, Сузакта 103,9 пайызга, Токтогулда 117,5 пайызга, Чаткалда 177,7 пайызга, Жалал-Абад шаарында 116,4 пайызга, Таш-Көмүрдө 100,3 пайызга өсүү камсыз кылынган. Бирок, артта калган аймактар да жок эмес, мисалы Аксы районунда 67,1 пайызга, Тогуз-Тородо 17,9 пайызга, Кара-Көл шаарында 97,8 пайызга, Майлуу-Сууда 81,6 пайызга араң жеткен.
Деген менен, ар бир артта калуунун өзүнүн жүйөлүү себептери бар. Мисалы, Тогуз-Торо районундагы артта калууга “Макмалалтын” комбинатынын өндүрүшү токтоп турушу себеп болду. Демек, бул райондун кандай абалда болушу бир гана ишканага байланып калган. Келечекте, жалпы райондун социалдык-экономикалык абалын турукташтыруучу башка экономикалык факторлорду жандандыруу, пайда кылуу жагы көздө тутулушу абзел.
Энергетиктердин Кара-Көл шаарындагы түзүлгөн мындай абалга дал ошол энергетика тармагындагы мүчүлүштүктөр себеп болду. Алсак, Токтогул ГЭСтер Каскады жана Камбар-Ата ГЭСи сыяктуу электр энергиясын өндүрүүчү ишканалар тийиштүү көлөмдү камсыз кыла алышкан жок. Анткени 2018/2019-жылдагы күз-кыш мезгили жалпы Кыргызстанда жеңил болгондуктан, электр энергиясын иштеп чыгуу да ошого жараша болуп, 2018-жылдын жарым жылына салыштырмалуу 112,3 миллион киловатт/саат энергия аз өндүрүлгөн.
Анысы аз келгенсип, дүйнөгө бизди электр лампалары менен тааныткан Майлуу-Суу шаарындагы “Майлуу-Суу электр лампа заводу” жоопкерчилиги чектелген коому 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 миллион 309,4 миӊ даана электр лампаларын аз өндүргөн. Мунун баары шаардын гана эмес, областтын көрсөткүчтөрүнө да таасир этпей койбойт.
Анан да айта кетчү нерсе, Майлуу-Суу шаарынын тагдыры да бир гана ушул ишканага – электр лампа заводуна байланышып калган. Ошондуктан, келечекте шаарда экономикалык-өндүрүштүк диверсификация, же башкача айтканда, өндүрүштүк тармакташуунун кеңейиши, бутакташуусу, ошону менен шаар лампа заводунан көз каранды болбой, өз алдынча туруктуу өнүгө берүүсү жолго коюлушу абзел.
Айрым ушундай терс жагдайларга карабастан областта өнөр жай тармагы ишенимдүү кадамдап барат. Мисалы, быйылкы жарым жылда 12 миллиард 62,8 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 102 пайызга жетти. Областыбыз республиканын өнөр жай көлөмүнүн 9,5 пайызын түздү. Албетте, бул көрсөткүч дагы да жогорулай берсе, жакшы болмок.
Анан да өнөр жайдын негизги 4 тармагынын ичинен 2 тармагында, өткөн жылдын жарымына салыштырмалуу продукция өндүрүүнүн физикалык көлөмүнүн аткарылышы камсыздалбай калды. Мисалы, кайра иштетүү тармагында көлөм аз: физикалык көлөмүнүн индекси 98,9 пайыз болуп, жалпы өндүрүлгөн өнөр жай продукциясындагы тармактын үлүшү 12,6 пайызды түзгөн. Анын ичинен физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи тамак-аш азыктарын өндүрүү, ичимдиктер менен тамеки багытында 92,3 пайыз, текстиль жана тигүү багытында 94,9 пайыз, электр жабдууларын, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү багытында 79,8 пайыз болду.
Дагы бир электр энергиясы, газ, буу, кондицияланган аба менен камсыздоо тармагында да көлөм аз. Физикалык көлөмүнүн индекси 98,3 пайыз болуп, жалпы өндүрүлгөн өнөр жай продукциясындагы тармактын үлүшү 43,7 пайызды түзгөн. Анын ичинен физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи электр энергиясын өндүрүүдө 98 пайыз, электр энергияны кайра бөлүштүрүүдө 97 пайызга аткарылды.
Эмне кылуу керек?
Жалал-Абад областынын өнөр жай потенциалы өтө зор, ал тоо-кен тармагы менен гана чектелбейт. Көмүр өндүрүү, жеңил өнөр жай, электрондук жана химиялык өнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн жакшы мүмкүндүктөрү бар. Анан калса, туризм индустриясын багыттуу колго алып, бул тармактан област үчүн олчойгон кирешелерди алууга болор эле. Бирок, булардын баары жалпы мамлекеттик масштабда жакшы чечиле элек.
Деген менен, област аймагындагы жапайы өсүп жетилген жер-жемиштерди кайра иштетүү жана алынган продукцияны экспорттоо жагынан ынанымдуу иштер байкала бербейт. Эгерде ушул багыттагы чет элдик инвестициялар алып келинсе жана өздөштүрүлсө, элибиз үчүн эбегейсиз мүмкүндүктөр ачылмак. Анткени Кыргызстандын экологиялык таза жер-жемиштери дүйнө боюнча жакшы рейтингди кармап, жалпы өлкөнүн да имиджин көтөрмөк.
Бирок, булардын баары азырынча кыял гана болуп калууда. Ажеп эмес бир күнү ал кыялдар ишке ашып кетсе…
Тазагүл ШАМШИЕВА,
журналист.