Кыргызстандын аймагында жер кыртышында сакталып турган нефть корунун көлөмү кеминде 500 миллион тоннадан 1 миллиард тоннага чейин бааланат. Бул тууралуу чет элдик интернет басылмалары жазып чыккандан кийин гана кыргыз окурмандарына белгилүү болуп отурат. Бирок, Кыргызстанда иштеп жаткан “Кыргызнефтегаз” компаниясы өндүрүштүн көлөмүн арттырууга эч бир далалаттанбай жаткандай туюлат, себеби ал өндүрүш, нефть тармагындагы болуп жаткан процесстер тууралуужеткиликтүү маалымат жок. Бул нефть тармагынын ачык-айкын эместиги коомчулукта көп суроолорду жаратып жатса, Өкмөт тарабынан буга карата чаралар көрүлбөй жатат.
Деген менен, Kaktus.media мунайзат рыногунда Кыргызстандын бюджети жылына 3төн 10 миллиард сом тегерегинде кирешеден кол жууп жатканын иликтеп чыкты. Өлкөнүн Экономика министрлигине ишенсек, Кыргызстанда сатылып жаткан ар бир төртүнчү литр мунайзат аткезчилик товары эсептелет. Демек, мунайзат рыногунан өлкө бюджетине түшүүчү кирешенин да төрттөн бир бөлүгү түшпөй жатыптыр, ал кеминде 3 миллиард сом дегендикти билдирет. Бул Кыргызстан үчүн олуттуу көйгөй.
Kaktus.media мунайзат рыногундагыбюджетке түшпөй калуу себептерин, рыноктогу ала калган, көзөмөлгө алынбаган жагдайларды иликтеп, мамлекет казынасына келип түшпөгөн каражаттарды кантип бюджетке түшүрүү керектигин талкууга салган. Абдан кызыктуу, ойго салуучу сандар айтылган.
Мисалы,расмий маалыматтарга караганда, 2012-жылдан баштап мунайзат импорту 29 пайызга азайып кеткен. Ошол эле убакта өлкөдө унаалар саны геометриялык прогрессия менен көбөйүп, ага иштетилүүчү мунайзат сырттан алынып келинип жаткан. Унаалар көбөйгөн, бирок негедир мунайзат алып келүү кыскарган имиш. Расмий маалыматтарда мунайзат импортунун көлөмү мурдагы 1 миллион 406 миң тоннадан 2012-жылы 1 миллион 2 миң тоннага чейин кыскарган. Ал эми мунайзатты өндүрүү 41 тоннадан 298 миң тоннага чейин жетип, экспорт 11 тоннадан 93 тоннага чейин жеткен.
Эгерде импорт менен өндүрүштү кошуп, андан экспортту чыгарып жиберсек, анда биздеги керектөө көлөмү келип чыгат. Алты жыл аралыгында анын көлөмү 16 пайызга кыскарган болуп жатат. Бирок, мунайзатка болгон реалдуу керектөөлөр күн сайын өсүп жатканы баарына белгилүү да.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында жүк ташуу обороту өсүп жатканы айтылат. Ал эми 2012-жылы мунайга керектөө 1 миллион 436 миң тонна болсо, 2018-жылы 1 миллион 725 миң тоннага жеткени да белгиленет. Демек, мында 519 тонна аткезчилик мунайы болгону билинип турат, бул деген жалпы керектөөнүн 25 пайызы да эмес, 30 пайызы болуп жатканы кызык.
Алынган маалыматтардан көрүнгөндөй, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден баштап аткезчилик күчөгөнү байкалат. Мисалы, 2016-жылы мунайзатка болгон реалдуу керектөөлөр көлөмү 1 миллион 620 миң тоннаны түзсө, демек ошол жылы мунай сатып оокат кылган 19 компаниядан мамлекеттик казынага 6,3 миллиард сом түшпөй калган. Бул Кыргызстан үчүн олуттуу жагдай эсептелет.
Kaktus.media ар бир сатылган литрден мамлекеттик казынага качан киреше түшпөй калгагына кызыккан жана аны анализдеп чыккан. Мисалы, жөнөкөйлөтүү үчүн бир литр бензин 40 сом деп коёлу. Бул дизелдик мунай менен бензиндин ортосундагы орточо баа. Деген менен, бул эки мунайдын импортунун көлөмү дээрлик бирдей, андан башка да авиакеросин жана нефть ташылып келет.
Эми ошол сатуудан түшкөн 40 сомдон мамлекеттик казынага 2 сом 56 тыйын акциз салыгы, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн 0, 09 сом, 4 сом 16 тыйын кошумча нарк салыгы (НДС), анан 0,1 сом пайдадан алынуучу салык төлөнөт. Баарын кошуп алганда, демек, бир литр бензин сатуудан орточо 6 сом 82 тыйын болот экен. Бул анчалык көп эмес.
Kaktus.mediaбюджетке түшпөй жаткан салыктарды билүү үчүншарттуу эсептөөлөрдү жүргүзгөн. Мисалы, 2016-2017-жылдардагы мунайзатка керектөөлөрдүн жана экспорттун жылдык көлөмүн алып караган. Эгер мунайзат менен алектенүүчү 19 компаниянын маалыматтарын алып карасак, 2016-жылы мунайзаттарын соодалоодон бюджетке 6 миллиард 255 миллион сом, 2017-жылы болсо 6 миллиард 314 миллион сом түшкөн. Негедир азайып кеткенин көрөбүз.
Ал эми мунайзаттарына болгон реалдуу керектөөлөрдү көрсөткөн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын карап көрөлү. Анда керектөөлөр 2016-жылы 1 миллион 623 миң тонна, 2017-жылы 1 миллион 673 миң тонна экенин көрөбүз. Тоннаны литрге өткөрүү үчүн ар бир мунайдын тыгыздыгын билиш керек. Мисалга АИ-92 маркасындагы бензиндин шарттуу тыгыздыгын алып карайлы, ал бир кубометрине 760 килограмм деп эсептелет. Демек, 2016-жылы 2,1 миллиард литрди керектеп, 2,2 миллиард литрди экспорттогонбуз.
Эгерде ар бир литрге 7,6 сомду көбөйтсөк, бюджеттин кирешелери 16,2 миллиард сом жана 16,7 миллиард сом болушу керек. Бул чынында эле бюджетке келип түшкөндөгүдөн 10 миллиард сомго көптүк кылат. Эгерде дизелдик күйүүчү май менен бензинди өзүнчө эсептегенде мындан да башка сандар келип чыгышы мүмкүн.
Мамэкотехинспекциянын маалыматына караганда, өлкөдө 666 май куюучу бекеттер бар. Бирок, Салык кызматы менен Экономика министрлигинин маалыматы боюнча май куюучу бекеттердин саны 925. Анан да мунайзат рыногундагы салык жыйымдарынын 90 пайызын 6 компания гана берет экен. Бирок, май куюучу бекеттердин саны боюнча ажырымды кантип түшүндүрсө болот? Айрым маалыматтарга караганда, айрым май куюучу бекеттердин орданда турак жайлар орун алган. Себеби чет элден мунайды импорттоочу компаниялар мунай кайсы даректерге барарын так көрсөтүшү тийиш. Жүктүн барар жери май куюучу бекеттер болорлугу баарын түшүнүктүү, демек, калп маалыматтар менен мунайды чет элден алып келип жатышканы жашыруун эмес. Анан калса, салыктарды төлөөдөн качуу да ар кандай ийри жолдордон пайдаланууга түртөт.
Мисалы, салык төлөөдөн качуу менен учурда май куюучу бекеттерде кассалык чек бербей эле соода кылуу, Казакстандан мунайды аткезчилик жол менен алып кирүү, Тажикстанга аткезчилик аркылуу чыгарып сатуу, мунайды химиялык каражаттар катары калп эле документтештирип, алып кирүү көрүнүштөрү орун алып келет. Химиялык каражаттарды алып кирүүдө акциз салыгы жок болгондуктан, мунайды химиялык каражат катары алып кирип, анан түз эле май куюучу бекеттерге жөнөтүшөт. Демек, алардан тийиштүү өлчөмдө салык алынбай кала берет.
Ошентип, мунай тармагында мамлекетке келтирилип жаткан көп зыяндардын бети ачылбай келет. Демек, таасирдүү күчтөр анын ачылышына кызыкдар эмес жана мамлекеттик бюджет мындан опол тоодой жабыр тартууда. Мунун өзү Кыргызстанда социалдык-экономикалык туруктуулуктун бекемделишине жана мамлекеттик бюджеттин кескин жогорулашына терс таасирин тийгизип жатат. Эгер мунай тармагында коррупцияны, көмүскө сооданы, аткезчиликти ооздуктабаса, өлкөдөгү мындай абал дагы да орун ала берет.
Тазагүл ШАМШИЕВА,
журналист.