Москва шаарында 31-Март күнү кыз-жигиттин оюну саналган “Сармерден” болуп өттү. Калыстардын берген баасы 25 катышуучунун жана 300дөй күйөрмандын кыжырдануусун жаратты. Бул тууралу оюндун катышуучусу Нурия Малабекова өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Анын айтуусуна караганда, калыстар оюндун жүрүшүнө, катышуучулардын талантына, алардын кийген кийимине, сахнада өзүн алып жүрүү маданиятына маани берген эмес.
-Өзгө жерде өз элибиздин маданиятын даңазалоо максатында күн-түн дебей даярдандык, жумуштан калсак да жемиштүү жыйынтыкка жетүү үчүн жаныбыздан каражат жыйнап, окшош кылып улуттук кийимдерди кийдик. Музыкалык чыгармалар жогорку деңгээлде аткарылды. Сахна жасалгасы, сахналаштырылган көрүнүштөр да мыкты болду. Ага карбастан калыстар акыйкатсыз чечим чыгарды. Кылган аракеттерибиздин бирин да артыкчылык катары бааланган жок. Анын себеби калыстардын музыкалык сабаты жоктугунда, өнөр менен маданиятка маани бербеген инсандардын калыс болуп олтурганында, — деп жазат ал.
Ноокен районун намысы үчүн катышкан талантуулардын даярдыгы мыкты деңгээлде болгондугун, калыстар тарабынан акыйкатсыз чечим чыгарылганын “Сармердендин” эрке баласы Аскат Турдашов да өз баракчасы аркылуу билдирди.
Эскерте кетсек, 31-март күнү Москва шаарында Ала-Бука районунун талантуу кыз-жигиттери менен Ноокен районунун өнөрпоздору жарышкан.