Индиянын саламаттыкты сактоо индустриясы анын инфраструктурасы, технологиясы, дарыгер-адистер менен медайымдарынын заманбап тажрыйбасы боюнча дүйнөдөгү мыктылардын катарынан орун алган. Айрыкча органдарды алмаштыруу, кардиология, шишик жана башка оорулар жагынан мыкты адистердин ийгиликтери Индияга дарылануу үчүн каттагандар санын улам арбытып жатат. Ушундан улам 2026-жылга карата Индияга болгон медициналык туризмдин кирешесинин көлөмү 13 миллиард долларга жетери күтүлүүдө. Ал эми 2022-2032-жылдар аралыгында өлкөнүн медициналык рыногунун көлөмү жыл сайын орточо 19 пайыздан өсүп отурмакчы. Ал эми бул багыттагы дүйнөлүк рыноктун көлөмү 285 миллиард доллардан ашат деген божомол бар.
Өткөн 2023-жылдын январь-октябрь айларында Индияга 5,04 миллион медициналык туристтер барышкан. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана үй-бүлө бейпилдиги министрлиги билдиргендей, өкмөт инфраструктураны өнүктүрүүгө 14,8 миллиард доллар насыя бөлүп, компаниялардын айланма капиталына насыялар жана керектөө насыяларын берерин билдирген. Бул болсо, Covid-19 пандемиясынан улам туризм чөйрөсүндөгү иши үзгүлтүккө учураган ишкер чөйрөлөрдүн аракеттеринин жанданышы үчүн маанилүү болмокчу. Өлкөдөгү ири компаниялар жана ооруканалар учурда заманбап ооруканаларды курууга өзгөчө көңүл буруп жатышкан кези.
Акыркы отуз жыл аралыгында Индиянын саламаттыкты сактоо тармагы кыйла прогресске жетишти. Бул тармак үлкөн киреше берген булак катары дале тездик менен өнүгүп жатат. Саламаттыкты сактоонун ыңгайлуу улуттук саясатынын аркасында мамлекеттик жана жеке менчик компаниялар, мекемелер бул тармактын улам жакшыра беришине шарт түзүшүүдө. Деген менен, улуттук саясат саламаттыкты сактоонун инклюзивдүү системасын калыптандыруу аркылуу жалпы коомду медициналык тейлөө менен текши камтуусун арттыруу стратегиясын мерчемдеп жатат.
Эгерде жогорку квалификациялуу медициналык мыкты адистери жана заманбап жабдуулары, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен АКШнын тамак-аш азыктарынын жана медикаменттердин сапатына санитардык көзөмөлдөө башкармалыгы сыяктуу мартабалуу уюмдардан алган колдоо болбосо, Индиянын саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү азыркы алдыңкы көрүнүштөр болмок да эмес. Анан калса, Индия ар кандай медициналык тейлөө багыттары менен дарылоонун экономикалык натыйжалуу жолдорун сунуштайт. АКШ жана Улуубритания менен салыштырганда Индияда дарылануунун чыгымдары болжол менен чейрек эсе арзан, мунун өзү саламаттыкты сактоо чөйрөсүнүн кол жетерлик деңгээлин көрсөтөт. Өлкөнүн мыкты дарыгер-адистери бейтаптар үчүн батыштагы жана Түркиядагы кесиптештерине караганда экономикалык кыйла ыңгайлуу.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тургундарын Индиянын медициналык тейлөөсүнүн экономикалык ыңгайлуу шарттары менен квалификациялуулугу кызыктырууда. Анан калса, Индияда англис тили кеңири пайдаланылгандыктан, бейтаптар менен болгон карым-катнашта кыйынчылыктар болбойт. Ошондой эле медициналык туризмди арттыруу багытында Индия атайын медициналык визаларды сунуштоодо. Бул Индияга дарыяланууга баргысы келгендердин оорун жеңилдетип, ал жакка баруусун жана ал жерде дарыланып кайтуу мезгилиндеги өзүнүн гана эмес, коштоп барган үй-бүлө мчөлөрүнүн абалын да кыйла жакшыртат.
Индия азыркы замандын мыкты медициналык тейлөө спектрин, аллопатиялык медицина менен дарылоонун аюрведикалык усулдарын, альтернативдүү дарылоо ыкмаларын сунуштап келет. Чет элдик бейтаптардын муктаждыктарын эске алуу менен Индиянын ооруканалары чет элдиктерди колдоо чараларын, башкача айтканда, алардын келүүсүн, жайгашышын жана башка зарылдыктарын камсыздоо боюнча көп иштерди алып барышат. Мунун өзү медициналык туризмдин өркүндөшүнө алып келери анык.
Индияга дарыланууга барган Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары аюрведикалык дарылоодон өткүсү келишет. Аюрведа Индияда пайда болгон байыркы комплекстүү медициналык система эсептелет. Ал ден соолукту бекемдөө жагынан өзүнүн табигый жана салттуу усулдары менен дүйнөгө таанылган. Ал эми Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы кызматташтыктар медициналык туризмдин мүмкүнчүлүктөрүнөн натыйжалуу пайдалануу боюнча кыйла келечектүү десе болот. Деген менен, өз ара байланыштар Кыргызстандын эле эмес, Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн көптөгөн тургундарынын Индияга барып, ден соолугун чыңап гана калбай, өлкөлөр аралык жандуу байланыштарды бекемдөө, медициналык маалыматтар жана технологиялар, дарылоо усулдарынын алмашуулары үчүн да маанилүү болуп саналат.
Эркинбек КАМАЛОВ.